Кытайда "Кыргыз балы" аталышындагы соода үйү ачылды

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүФестивалдын катышуучулары. Архив
Фестивалдын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода борборунда Кыргызстандан барган бал менен айыл чарба продукциялары сатылат.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кытайдын Үрүмчү шаарында "Кыргыз балы" аталышындагы соода үйү ачылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Төлөгөн Сулайманов билдирди. 

"Соода үйүнүн ачылышына 24-март күнү Айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев баштаган делегация барып катышты", — деп билдирди Сулайманов. 

Анын айтымында, соода борборунда Кыргызстандын балы менен айыл чарба продукциялары сатыкка коюла баштайт. 

Соода үйүнүн ачылышы өкмөттөр аралык келишимдин негизинде ишке ашып жатканын маалымат катчы кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0