Кыргызстан газдын 1000 метр кубу 150 доллардан алмай болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГаз. Архив
Газ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев "Газпром" ишканасынын башчысы Алексей Миллер менен телефондон сүйлөшүп, эки тараптуу долбоорлорду талкууга алды.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 2-кварталынан баштап жаратылыш газынын 1000 метр кубу 150 доллардан алына баштайт. Бул тууралуу "Газпром" ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер президент Алмазбек Атамбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө билдирди.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын айтымында, сүйлөшүү бүгүн болгон. Анда Миллер "Газпром" көгүлтүр оттун буга чейинки белгиленген баасынан 15 долларга төмөндөтүүнү боюнча чечим кабыл алганын кабарлады.

Мындан тышкары Атамбаев менен Миллер "Газпром" ишканасынын катышуусу менен Кыргызстандын аймагындагы эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0