Нефтрейдерлер: апрелде күйүүчү май 10%га кымбаттайт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга россиялык нефтини иштетүүчү заводдордогу ремонт иштери жана күйүүчү майдын запасын топтоо сунушу себеп болгон.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Апрелде күйүүчү майга болгон баа 7-10 пайызга жогорулай турганын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы учурда россиялык рынокто күйүүчү майга болгон суроо-талап көбөйгөн. Нефть продукциясынын дүң баасы апрелде 10-15 пайызга кымбаттап кеткен.

Жазында россиялык нефтини иштетүүчү заводдордо ремонт иштери башталат, андыктан РФ өкмөтү ишкерлерге 2,1 миллион тонна бензин запасын топтоону сунуштаган. 

"Күйүүчү майдын сатыктан алынышы жана сактоого кеткен чыгым анын баасынын жогорулашын шарттайт. Нефтиге болгон баанын өсүшү Кыргызстандагы күйүүчү майдын наркына таасир тийгизип, апрелдин ичинде баа 7-10 пайызга чейин кымбатташы күтүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда республика күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыз болууда. Биринчи кварталда өлкөгө 111 миң тонна бензин жана 103 миң тонна дизель майы алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0