ЖК төрагасы: Евразиялык интеграция — өлкөнүн өнүгүүсүнө карай багыт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан "Евразиялык экономикалык келечек" атуу эл аралык форумда
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык келечек атуу эл аралык форумда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спикер мамлекеттер жалпы тарых жана бирдиктүү гуманитардык айдыңга ээ экенин, жалпы маселелер ЕАЭБди бекемдей турганын белгиледи.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Евразиялык интеграция — Кыргызстандын өнүгүүсүнө карай багыт экенин Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан "Евразиялык экономикалык келечек" атуу эл аралык форумда билдирди.

Иш-чарага спикер Сергей Нарышкин баштаган Мамдуманын делегациясы, бардык беш өлкөнүн депутаттары, ишкерлер жана чиновниктер катышууда.

Жээнбековдун айтымында, мындай форум буга чейин Армения менен Россияда өтүп, эми Кыргызстанда алгачкы ирет болуп жатат. 

"Кыргызстан Евразиянын чок ортосунда жайгашкан. Интеграция — мамлекеттин гүлдөп өсүшү үчүн багыт болуп берет. Республика КМШ жана ЕврАзЭС алкагында интеграцияны алдыга сүрөгөн мамлекеттердин сап башында турган", — деди төрага.

Анын айтымында, мамлекеттер жалпы тарых жана бирдиктүү гуманитардык айдыңга ээ. Мунун менен бирге спикер санкциялар тууралуу эскертип, экономика өсүүсүнүн жайлашын белгилеп өттү.

"Бул убактылуу көрүнүш экенине ишенем. Биз тоскоолдуктардын баарын жеңип, азыркыдан да күчтүү болобуз. Каатчылык тез аранын ичинде абалдан чыгуу боюнча чараларды көрүүгө түрткү болду. Мындай оор учурда союздаштардын колдоосу сезилерлик болду", — деди Жээнбеков.

Төрага Кыргызстандын ВСП+ системасына кошулганын белгилеп, ЕАЭБ мамлекеттерин өз продукцияларын Европага Кыргызстан аркылуу жөнөтүүгө чакырды. Муну менен бирге Жээнбеков кыргызстандык ишкерлерден мүчө өлкөлөрдүн аймагынан "төлөм" алынып жатканын эскертип, жүктү ким жана качан токтотууга укуктуу экенин так белгилөөнү сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0