Акча каражаттар жана ручка. Архив

Инвесторлор кыргыз өкмөтү менен 13,5 млрд. сомдук келишимге кол койгону жатат

66
(жаңыланган 12:49 08.04.2016)
Бөлүнө турган сумма Кыргызстандагы чоң жана кичи шаарчалар менен айылдарды суу менен камсыз кылууга жумшалат.

БИШКЕК, 8-апр. – Sputnik. Былтыр кыргыз өкмөтү тарабынан 10 инвестор-өнөктөш тартылып, жакынкы аралыкта 173,3 миллион евро же 13,5 миллиард сомдук келишимге кол коюлганы жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"2014-2015-жылдар аралыгында элди суу менен камсыздоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу максатында кыргыз өкмөтү тарабынан 10 өнөктөш-инвестор тартылган", − деп айтылат маалыматта. 

Жогоруда көрсөтүлгөн каражат Европалык реконтрукция жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен тартылып, ал кол коюу стадиясында турат.

Бөлүнө турган сумма Кыргызстандагы 19 чоң жана кичи шаарчалар менен айылдарды суу менен камсыз кылууга жумшалат.

Мындан сырткары, Дүйнөлүк банктын кыргыз өкмөтү менен болгон 16 миллион долларлык долбоору ишке ашканы жатат. Андан келген каражат өлкөдөгү 30 айылга суу жеткирүүчү түтүктөрдү курууга багытталган.

Ал эми 2015-жылы 25 айылга суу жеткирүүчү 17 объекттин курулушуна 100 миллион сом каралган. Учурда, 11 объектинин курулушу бүткөрүлгөнү белгиленет.

66
Белгилер:
өкмөт, каражат, инвестор, суу түтүгү
Тема боюнча
Жаңы ишканалардын ачылышы боюнча Нарын облусу алдыда келе жатат
Нефтрейдерлер: апрелде күйүүчү май 10%га кымбаттайт