Нарышкин: Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу жемишин бере баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековМамдуманын спикери Сергей Нарышкин. Архив
Мамдуманын спикери Сергей Нарышкин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар парламенттер аралык кызматташтык маселелерине кайрылып, анын ырааттуу өнүгүп жатканын белгилешти.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу алгачкы жемишин бере баштады. Бул тууралуу Мамдуманын спикери Сергей Нарышкин Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушуу учурунда билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын кызматташтык мамилелеринин келечегин, парламенттер аралык байланыштын артыкчылыктуу багыттарын талкууга алып, эл аралык орчундуу маселелер боюнча пикир алышты.

Жээнбеков бул иш сапардын маанисин баса белгиледи. 

"Ар кандай деӊгээлдеги эки тараптуу жолугушуулардын ырааттуу жүргүзүлүп жатышы биздин кызматташтык мамилелерибиздин жанданышына түрткү берип, кыргыз-орус мамилелеринин өзгөчө мүнөздө экенин күбөлөп турат", — деди ал. 

Беларусиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Белоруссия ДСУга кошулуу үчүн Кыргызстандын тажрыйбасын колдонууну көздөйт
Төрага Россия тарапка Кыргызстанга ар кандай маселелер жаатында кеӊири колдоо көрсөтүп келе жатканын белгиледи. 2015-жылдын ноябрында Ошто болгон катуу жер титирөөгө берген гуманитардык жардамы, ушул жылдын февралында Кыргызстандын бюджетин колдоо иретинде 30 миллион долларлык кайтарымсыз каражат бөлгөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми Мамдуманын спикери Нарышкин жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөш экенин белгиледи. 

"Баштапкы мезгилдеги айрым кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстандын ЕАЭБ курамына кошулуусу азыр алгачкы ийгиликтерин бере баштады. Биринчи кезекте, Кыргызстандын эмгек мигранттарынын маселеси чечилип, алар жергиликтүү калктай эле укуктарга ээ болду. Биз ар кандай бизнес-долбоорлорду каржылап жаткан Орус-кыргыз фондунун ишине оӊ баа беребиз. Кыргыз тараптын ЕАЭБ шарттарына көнүү жаатында мындан ары да жардам көрсөтөбүз", — деди Нарышкин. 

Тараптар парламенттер аралык кызматташтык маселелерине кайрылып, анын ырааттуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти. Жээнбеков эки өлкөнүн парламенттери Жогорку Кеӊеш менен Федералдык Жыйындын парламенттер аралык комиссияларынын алкагында, ошондой эле тармактык комитеттердин биргелешкен жыйындарын өткөрүү форматында тыгыз байланышта иштеп жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0