Улуттук банк жыл башынан бери 110 миллионго чукул доллар сатып алды

© Sputnik / Табылды КадырбековАКШ долларлары жана Кыргызстандын сому. Архив
АКШ долларлары жана Кыргызстандын сому. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнкүгө караганда доллардын баасы 72 тыйынга арзандады. Валютанын кескин төмөндөшүнүн алдын алуу үчүн Улуттук банк аны сатып алууда.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Быйыл Улуттук банк 108 миллион 520 миң доллар сатып алганы мекеменин сайтында айтылат.

Банк карталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Накталай эмес төлөмдөрдү ишке ашыруу Бишкекте жолго коюлуп жатат
Бул жылы Улуттук банк 91,7 миллион доллар саткан. 2-марттан баштап негизинен сатып ала баштады.

Кечээ, 11-апрель күнү башкы банк 22,1 миллион доллар сатып алды. Муну менен жыл башынан берки сатып алынган чет элдик валюта 108 миллион 520 миң долларды түздү. 

Улуттук банк валюталар курсун туруктуу кармап туруу үчүн интервенцияларды жасап келет.

Жыл башында бир АКШ доллары 76 сом болсо, учурда 69,25 сомго чейин төмөндөдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0