Кореялыктар Кыргызстанга чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар

Жазылуу
Корей инвесторлору кызыккан тармактар көп. Акырындык менен Түштүк Кореянын ишкерлеринин Кыргызстанга болгон ишеними артып келет.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Түштүк Кореянын ишкерлери Кыргызстанга чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар экенин "Түштүк Корея" экономикалык өнүгүү фондунун президенти Жумакадыр Акенеев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кореялык ишкерлер кызыккан тармактар Кыргызстанда көп.

"Алар негизинен чакан ГЭСтерди курууга дилгир. Азыр сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Кийин алар электр энергияны альтернативдүү булактардан алууга кызыгат деп ишенем. Андан сырткары, өнөр-жай жана тоо-кен тармагына кызыгуулары күч. Алсак, Таш-Көмүрдөгү темир эритмелерин жасаган завод бар. Ал жакта кореянын POSCO компаниясы иштеп жатат. Үчүнчүсү — айыл-чарба тармагы. Түштүк Кореянын күнөсканалары өлкөдө курулуп жатканын баарыбыз билебиз", — дейт Акенеев.

Анын айтымында, 2010-жылга чейин республикада Кореядан келген аз гана ишкер иш алып барчу. Бирок, апрель окуясынан кийин алардын көбү чыгып кеткен. Учурда экономикалык байланыш кайтадан жанданууда. Акенеев Атамбаевдин 2013-жылы Түштүк Кореяга жасаган иш сапары чет элдик ишкерлерди тартууга бир топ түрткү бергенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0