КРде ишкерлердин товары үчүн ЕАЭБ жана башка өлкөлөргө жол аччу форум өтөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТүшүм жыйноо. Архив
Түшүм жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр экономика министрин кабыл алып, бир катар милдеттерди койду.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстанда өтчү форум жергиликтүү ишкерлердин продукциясын ЕАЭБ мамлекеттерине эле эмес, башка өлкөлөргө да чыгарууга жол ачат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экономика министри Арзыбек Кожошевди кабыл алуу учурунда билдирди.

Нарын дарыясындагы ГЭС. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кореялыктар Кыргызстанга чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар
Маалыматка ылайык, жолугушууда министр өкмөт башчыга 2017-жылга чейинки КРди туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, өлкөдөгү макроэкономикалык көрсөткүчтөр, фискалдык жана инвестициялык саясат тууралуу маалымат берилди. 

Анда негизинен өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган ишканаларга колдоо көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын май айында аткаруу бийлиги жана экспортер-ишкерлердин ортосундагы ачык баарлашууну камсыздаган кичи жана орто бизнес өкүлдөрү менен бизнес-форум өткөрүү тапшырмасын берди. 

"Аталган жолугушуу көйгөйлөрдү аныктап, жергиликтүү ишкерлердин продукциясы үчүн ЕАЭБ рыногуна эле эмес, башка өнөктөш өлкөлөргө да жол ачуу болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөт башчы ошондой эле кепилдик фонддорду түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды.

"Бүгүнкү күндө Кытайдын бир катар аймактары биздин айыл чарба продукцияларыбызды кабыл алууга даяр, бирок бул жаатта активдүү иш алып барышыбыз керек", — деди Жээнбеков.

Аталган жумушчу жыйынга вице-премьер Олег Панкратов жана өкмөт аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0