Премьер энергохолдингге долбоорлорду жүзөгө ашырууну тездетүүнү тапшырды

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЭлектр линиялары. Архив
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан сырткары, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси козголду.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Улуттук энергохолдинг компаниясынын башкы максаттарынын бири — дебитордук карыздарды азайтуу. Бул тууралуу аталган компаниянын жетекчиси Айбек Калиев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугууда билдирди. 

Премьер-министр дүйшөмбү күнү аталган мекеменин жетекчиси Калиевди кабыл алган. 

"Өкмөт башчы энергохолдинг компаниясынын жасап жаткан иштери тууралуу, андагы коррупциялык схемаларды жоюу, карыздарды азайтуу боюнча кеңири маалымат алды", — деп айтылат билдирүүдө. 

Премьер-министр Улуттук энергохолдинг компаниясынын жетекчисине энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0