Centerra Gold Inc. компаниясындагы КРдин акциясы 40 млн. долларга арзандады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБиржа кызматкери. Архив
Биржа кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер акция баасынын төмөндөөсүн "Кумтөр Голд Компани" ишканасында жүргүзүлгөн тинтүүгө байланыштырууда.

БИШКЕК, 29 апр — Sputnik. Centerra Gold Inc. компаниясынын акция баасы бир сутка ичинде 8,7 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Investing.com (18 тилдеги каржы порталы) билдирди.

Эскерте кетсек, бейшемби күнү кечинде Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызмат "Кумтөр Голд Компани" ишканасында тинтүү жүргүзгөн. 

Маалыматка ылайык, мындай аракет компаниянын каражаттарын жана активдерин мыйзамсыз чыгаруусуна байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлүп жатат. 

28-апрель күнү эртең менен бир акция баасы 7,14 канада доллары (CAD) турса, ал эми 14:00дө бир акция баасы 7,24 CADга (бир канада доллары 0,80 АКШ долларына барабар) жеткен. 

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кумтөр" казуу иштерине жылдын аягына чейин уруксат алды
Centerra Gold Inc. компаниясынын акциясынын төмөндөөсү Канада убактысы боюнча 22:45те (Бишкек убактысы боюнча 29-апрель саат 08:45) катталган. Ал учурда акция баасы 6,65 CAD, ал эми 15 мүнөттөн соң 6,50гө төмөндөгөн. 23:30да болсо акция баасы 6,46га жетти. 

Андан соң акция баасы кымбаттап түнкү 02:00дө 6,61 CAD болду.

Баанын төмөндөөсүнөн улам Кыргызстандын акциясы 40 миллион АКШ долларына арзандады. Учурда Кыргызстандын акция пакети 404 миллион АКШ долларын түзөт. 

"Кумтөр" алтын кенинин акциясына Centerra Gold Inc. компаниясы 100 пайыз ээлик кылат. 2009-жылдагы макулдашууга ылайык, компаниянын акциясынын 33 пайызы Кыргызстанга таандык. Centerra Gold Inc. Кыргызстан жана Монголияда жайгашкан эки алтын кендин ээси болуп саналат.

Мурдараак бизнес-аналитик Искендер Шаршеев "Кумтөр Голд Компани" ишканасында тинтүү расмий жарыялангынча баа кескин өзгөрбөй турганын, эгерде тинтүү улантыла турган болсо акциянын баасы төмөндөп кетерин айткан. 

Башкы прокуратура буга чейин да аталган компанияда каражаттарын жана активдерин мыйзамсыз чыгарып жатат деген жүйөө менен тинтүү жүргүзгөн. Прокуратуранын маалымдашынча 2013-жылдын декабрь айында "Кумтөр Голд Компани" ишканасы өкмөт менен макулдашпай туруп Centerra Gold Inc. ишканасынын дивиденддерине 200 миллион доллар төлөө чечимин чыгарган. Аталган факт боюнча ушул жылдын 28-мартында Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0