Биржа. Архив

Centerra Gold Inc. компаниясынын Торонтодогу акциялары жүгүртүүдөн алынган эмес

47
(жаңыланган 13:19 03.05.2016)
30-апрелде айрым ЖМК компаниянын акционерлерине жакын булактарга таянып, "канадалык регулятор IIROC баалуу кагаздар боюнча улуттук агенттиги Centerra Gold Inc. менеджментине карата иликтөө иштерин баштап, Торонтодо акцияларды жүгүртүүнү токтотту" деген маалыматты таркатышкан.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Centerra Gold Inc. компаниясынын Торонтодогу акциялары жүгүртүүдөн алынган эмес. Бул тууралуу "Центерра Голд" компаниясы расмий түрдө билдирди.

Белгилей кетсек, 30-апрелде айрым ЖМК компаниянын акционерлерине жакын булактарга таянып, "канадалык регулятор IIROC баалуу кагаздар боюнча улуттук агенттиги Centerra Gold Inc. менеджментине карата иликтөө иштерин баштап, Торонтодо акцияларды жүгүртүүнү токтотту" деген маалыматты таркатышкан.

"Чындыгында, Канаданын инвестициялык индустриясын жөндөө уюму (IIROC) канадалык мыйзамдар жана баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн эл аралык шарттарына ылайык үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде "Центерра Голд" акцияларын сатууну убактылуу токтоткон. IIROC компаниядан орчундуу маалымат күтүлгөн учурда акцияларды сатууну убактылуу токтотуу чечимин кабыл алууга укуктуу. Акция сатууну токтотуу принциби бардык инвесторлор компания тууралуу орчундуу маалыматты текши бир учурда алуусуна шарт түзүүгө негизделген. IIROC Канаданын карыздык жана үлүштүк рынокторундагы соода аракеттери менен инвестициялоо дилерлеринин үстүнөн көзөмөлдөгөн өзүн өзү башкаруучу улуттук уюм", — деп компания түшүндүрмө берди.

Алтын компаниясы расмий билдирүү тараткандан кийин "Центерра Голд" баалуу кагаздарын биржада жүгүртүүсү толук кандуу улантылган.

Белгилей кетсек, "Кумтөр Голд Компанинин" (КГК) Бишкектеги кеңсесинде 28-апрелде Башкы прокуратура башка укук коргоо органдары менен келип тинтүү иштерин жүргүзгөн. Мындай аракеттер ички корпоративдик транзакцияларга байланыштуу финансылык мыйзам бузуулар орун алган делип жасалган.

Иликтөө иштери "Кумтөр" кенинин иштешине таасирин тийгизген эмес, кенде иштер кадимки тартипте жүрүп жатканы компаниянын билдирүүсүндө айтылат.

47
Белгилер:
алтын, Кумтөр
Тема:
"Кумтөр": Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. ортосундагы биргелешкен ишкана (71)
Тема боюнча
"Кумтөр" казуу иштерине жылдын аягына чейин уруксат алды
"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын вице-президенттери Кыргызстандан чыгып кетишти
"Кумтөр Голд Компани" ишканасында тинтүү жүргүзүлүп жатат
Россия рубли. Архив

Күтүүсүз кымбаттоо. Рублдин мындан аркы бекемделиши болжолдонууда

89
Ноябрда рубль күтүүсүз жерден долларга карата беш пайызга кымбаттап кетти. Мындай кескин бурулуш он жылдан бери боло элек болчу.

Россиялык валютанын куну түшүп кетүүсүн Швейцария банкынын аналитиктери убактылуу деп эсептешүүдө. Вакциналар жана улам кымбаттап бара жаткан нефть рублдин баасын калыбына келтирүүгө шарт түзөрү айтылып келет. Аталган акча бирдигинин абалына РИА Новости баам салган.

Наркы жогорулап кетти

АКШда өтчү шайлоонун алдында рублдин куну түшүп кетип, бул окуяга байланышкан негативдин баары билинбей калды. Андан кийин долларды артка таштап кайра кымбаттап кетти. Ири банктар буга чейин эле Байдендин келиши менен америкалык валюта эч жакшылык көрбөй турганын саймедиреп келишкен.

Рубль үчүн быйылкы ноябрь ар кыл болду. 2010-жылдан 2019-жылга чейин бул айда рубль, тескерисинче, орто эсеп менен үч пайызга арзандап калчу. Быйыл баасы беш пайызга жогорулап кетти.

Буга Pfizer жана Moderna вакциналарынын жогорку эффективдүүлүгү тууралуу жаңылыктар негиз болду. Инвесторлор күүлөнүп-күчтөнүп, нефтинин баасы өстү. Brent үлгүсүнүн бир баррели марттан бери 48 долларга көбөйдү. Мындан улам инвесторлордун тобокелчилиги жогору болгон активдерге табити "ачылып" кетти. Мында көбүнесе тезирээк калыбына келе турган баалуу кагаздар менен өнүккөн өлкөлөрдүн валюталары тууралуу сөз болууда. Алардын арасында рубль да бар экенин QBF аналитиги Ксения Лапшина билдирди.

"Нефтинин баррели 45-50 доллар болуп турган чакта курс бир бочкасына 3,5 миң рублден тарта коюлат. Башкача айтканда, 70-77 килограмм. Демек, ушу тапта рубль тең чамалаш болуп турган абалга жакын", — деди ал.

Рублдин кадырын билбей жатышат

Россиялык валюта Чыгыш Европадагы эң алсыз акча болуп калганын Швейцариянын Credit Suisse банкынын аналитиктери коронавирус пандемиясынын кесепеттерин талдап жатып айтышты. Январдан бери рубль долларга карата 19 пайызга арзандап кеткен.

Банк эксперттеринин айтымында, буга өлкөдөн капиталдын чыгышы, акча сактоо структурасынын өзгөрүшү, башкача айтканда, банк депозиттеринен каражаттын агымы башкы себеп болгон. Анан, албетте, геосаясат. Навальный окуясы, Беларустагы шайлоо, Тоолуу Карабах чыры да терс салымын кошту.

Бирок ошол эле Credit Suisse банкы негативдүү факторлордун баары убактылуу экенин белгиледи. Экономикалык өсүү, жүрүп жаткан операциялардын эсеби жана реалдуу пайыздык коюмдар сыяктуу негизги көрсөткүчтөр боюнча алып караганда рублдин баа-баркы кадимкидей эле. Геосаясий жактан күтүүсүз окуялар болуп кетпесе рубль долларга карата 70-72нин тегерегинде болуп курсу бекемдей берери божомолдонду.

Custodian инвестициялык компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Андрей Плотников жыл аягына чейин бир доллар 73-74 рубль болору күтүлүп жатканын айтты.

"Рубль сырье валютасы катары рынок нефтисиндеги суроо-талаптын калыптанышына карата бекемделе берет. Вакцина багытындагы ийгиликтер тууралуу жаңылыктардын фонунда активдердин баасы өсө турганы айгине болуп калды. Рублдин жыл аягына чейин үч-беш пайызга кымбатташын болжолдоп жатабыз", — деди GB CLUB инвестициялык клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири Хачатур Гукасян.

Ал эми Евразиялык өнүктүрүү банкынын божомолу бир аз башкачараак. Рубль арзан бойдон калууда, бирок анын күчтөнүшү үчүн мейкиндик чектелүү дейт банктын өкүлү Алексей Кузнецов.

Ак барактан

Аналитиктердин көбү 2021-жылдын биринчи кварталында эле нефтинин бир баррели 55-60 долларга көтөрүлөт деп айтууда, дал ушул убакытта массалык вакцинация башталат. Демек, бул маалда бир доллар 71-73 рубль болуп калышы толук ыктымал.

Mitsubishi UFJ Financial Group (MUFG) божомолу боюнча нефтинин кымбатташы менен доллардын арзандашын биринчи кезекте нефть валюталары колдоого алат, анын эң мыктысы рубль болуп калышы мүмкүн. "Рубль кымбаттоого кызыкдар, ал нефть бааларынан катуу артта калды", — дешти MUFG аналитиктери.

Ал эми долларды айта турган болсок, вакциналарды сыноо процедураларынын аяктап, жапырт колдонула башташы шайын бир топ оодарчудай. Мындай күтүүсүз бүтүмгө АКШнын Citigroup банкынын стратегдери келишкен. Дарылардын натыйжалуулугу дүйнөлүк сооданы жандантат. 2000-жылдардын башындагыдай окуя кайталанат: анда Кытайдын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши глобализацияны тездетип, доллардын баасы түшүп кеткен. Бул көрүнүш бир нече жылга созулган эле.

Азыр алты негизги валютага карата доллардын баасын чагылдырган DXY индекси сентябрдан бери минимум көрсөткүчтө, ага Байдендин келиши жана экономикалык саясаттын өзгөрүүсү таасир этип турат. Goldman Sachs ири инвестициялык банкынын эсеби боюнча азыркы абал эки жыл мурунку минимумга кайтарат. Ал эми Citigroup вакциналардын пайда болушу менен 20 пайызга да төмөндөп кетиши болжолдонууда. Дүйнөлүк валюта үчүн маңдай жарчу кабар эмес.

89
Белгилер:
экономика, аналитика, эксперт, банк, валюта, курс, Рубль, доллар
Тема боюнча
Тыным албай... Улуттук банк ноябрдан бери долларды тогуз жолу сатыкка чыгарды
АКШ долларлары. Архив

Тыным албай... Улуттук банк ноябрдан бери долларды тогуз жолу сатыкка чыгарды

79
(жаңыланган 10:40 27.11.2020)
Улуттук банктын алтын-валюта запасы сомдун курсун кармап турууга, ошондой эле валюта базарындагы өзгөрүүлөрдү турукташтырууга мүмкүндүк берет.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кечээ, 26-ноябрда, Улуттук банк америкалык валютанын курсун турукташтыруу үчүн 5,8 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

Ушуну менен чет элдик валюта ноябрь айында тогузунчу ирет сатылды. Интервенция биринчи жолу 12-ноябрда өткөрүлүп, башкы банк 26,8 миллион доллар саткан. 

Ушул жумада каржылык көзөмөлдөөчү орган 24-ноябрдан 26-ноябрга чейин үч күн катары менен валюта сатты.

Натыйжада айдын башынан бери 67 миллион 550 миң доллар сатылды. Соңку аракеттердин аркасы менен сатып алуу үч тыйынга жогорулады.

Эскерте кетсек, 11-ноябрда доллардын наркы 83,94 сомду (сатып алуу) жана 84,33 сомду (сатууну) түзүп, ошол жуманын аягында 84,9га (сатуу) жеткен. Азыр сатуу курсу ушул көрсөткүчтү кармап турат.

Улуттук банктын алтын-валюта запасы (эл аралык валюта запастары) сомдун курсун кармап турууга, ошондой эле валюта базарындагы өзгөрүүлөрдү турукташтырууга мүмкүндүк берет. Резервдин көлөмү дээрлик 3 миллиард сомду түзөт. Бул товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдыдагы алты айлык импорту үчүн жетиштүү деп саналат.

79
Белгилер:
сатуу, валюта, курс, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Доллар курсу ооздукталбай... Улуттук банк кайра интервенция жасады
КР экономикасын 2021-жылы эмне күтүп турат? ЕАБРдин сценарийи

Эл аралап маалымат чогулткан Шамшиев. "Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" сүрөттөр

0
  • Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен
  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов
  • Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен
  • Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев
  • Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова
  • Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар
  • Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган
  • Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар
  • Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери
  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон
  • Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон
СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев жараткан тасмалар азыркыга чейин Кыргызфильмдин алтын фондунда сакталып келет.

Алардын бири өткөн кылымдын 20-жылдарындагы советтик чек арачылардын аракетин жана Кытайга апийим ташыган кыргыз аткезчилердин турмушун баяндаган "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинокартинасы. Sputnik Кыргызстан агенттиги Шамшиевдин аталган фильминдеги архивдик ирмемдерди сунуштайт.

КРдин эл артисти Болот Шамшиев 1970-жылы советтик жазуучу Александр Сытиндин 1927-жылы жарыкка чыккан "Тянь-Шандын аткезчилери" романынын негизинде кезектеги тасмасын тартууга киришкен. Анда 29 жаштагы Шамшиев архивден тарыхый материалдарды чогултуп, 1920-жылдардагы жарандык согушка катышкан ардагерлер, карапайым эл менен маектешкен. Анын сценарийин Юрий Сокол жазып, фильмдеги кыргыз тилиндеги диалогдорду белгилүү жазуучу Ашым Жакыпбеков иштеп чыккан.

Кинофильм негизинен Ысык-Көл облусунда тартылып, XX кылымдын 20-жылдарындагы жаңы Совет өкмөтүнүн саясатын жактаган жана ага нааразы болгон эки агымдын күрөшүн көрсөткөн. Тасмада Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Борис Химичев, Алиман Жанкорозова, Амина Өмүрзакова, латыш актриса Гунта Виркова, казакстандык Елүбай Умурзаков, Арстанбек Ирсалиев, Чоро Думанаев, Айтурган Темирова, Абды Ибраимов, Ахмед Шамиев, Марклен Ибраев, Бакы Өмүркулов, Зуура Соронбаева, Мукан Рыскулбеков роль жараткан.

Тасманын расмий аталышы "Касиеттүү Ысык-Көл" болгон. Орусчага которулганда эл арасында "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" деген аталыш менен белгилүү болуп кеткен. 1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда атайын сыйлыкка татып, Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана премияга арзыган.

0
  • Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен

  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов

  • Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен

  • Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев
    © Фото / Александр Федоров

    Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев

  • Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова
    © Sputnik / Александр Федоров

    Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова

  • Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар

  • Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган

  • Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар

  • Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери
    © Sputnik / РИА Новости

    Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери

  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон

  • Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон
    © Sputnik / РИА Новости

    Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон

Белгилер:
"Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" тасмасы, Сүрөт, тасма, Сүймөнкул Чокморов, Болот Шамшиев
Тема боюнча
Дүйнөнүн азабын көтөргөн эне. "Саманчынын жолу" киносундагы ирмемдер
Кино менен театрдын залкарларын чогулткан. "Көчө" тасмасындагы ирмемдер