Каржы министри доллар кунунун өйдө-төмөн болуусунан пайда көрүүгө үмүттөнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жай. Архив
Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атка минер министрлик мурунку жылы курстун өйдө-төмөн болуусунан 2 миллиард сом пайда көргөнүн кошумчалады.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Каржы министрлиги доллардын кымбат болгонуна карабай пайда көрүүгө үмүт артат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди. 

Улуттук банктын расмий курсу боюнча доллардын баасы 1-январга карата 75,89 сомду түзсө, май айында 68,25 сомго төмөндөдү. 

Ал эми Касымалиевдин айтымында, бюджетте доллардын орто баасы 64,8 сом деп белгиленген. 

"Бизге чет өлкөдөн келген каражаттар доллар менен келип, анын баасы 64,8 сомду түзөт. Андыктан биз чет жактан келген акчалардан пайда көрүүдөбүз", — дейт министр. 

Атка минер министрлик мурунку жылы курстун өйдө-төмөн болуусунан 2 миллиард сом пайда көргөнүн кошумчалады. 

Мындан сырткары, Касымалиев бюджетти толтуруу максатында донорлордон 81 миллион доллар келерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0