Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Тажикстанга учуп кетет

Жазылуу
Өкмөт башчы "CASA-1000" долбоорунун курулушунун расмий башталышына арналган аземге катышат.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 11-майда Тажикстанга эки күндүк жумушчу сапар менен барып, аталган өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон, Афганистан өкмөт башчысы Абдулла Абдулла менен жолугат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Өкмөт башчы "CASA-1000" долбоорунун курулушунун расмий башталышына арналган аземге катышат. Андан сырткары, тажик президенти Эмомали Рахмон, Афганистан өкмөт башчысы Абдулла Абдулла менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулайт",— деп билдирди маалымат кызматы.

Иш сапар эки күнгө созулат. 

CASA-1000 долбоорунда Борбор Азия аркылуу Афганистан менен Пакистанга электр линияларынын курулушу каралган. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы линия 477, ал эми Тажикстандан Афганистан менен Пакистанга чейин 750 чакырымды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0