"Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасынын үстүнөн сотко төрт арыз түштү

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компаниянын ишмердүүлүгүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Соттун кезектеги отуруму 20-майга белгиленди.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүндө экологиялык-техникалык ченемдердин одоно бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция билдирди.

Сим-карта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чубактын кунундай чубалган "MegaCom" ишканасынын баяны
Маалыматка ылайык, аталган компания кен казуу иштеринен чыккан жараксыз топурак-ташты муз (мөңгү) үстүндө төгүп, эсепке алынбаган таштандыларды калдык сактоочу жайга салып келген. Мындан тышкары, суу ресурстарын акысыз колдонуп, жер катмарына зыян келтирген. 

Мунун кесепетинен жалпы жонунан мамлекетти 7 миллиард сомдук зыянга учураткан. 

Буга байланыштуу аталган инспекция компаниянын үстүнөн Бишкек шаарынын район аралык сотуна төрт доо арыз менен кайрылган. Соттун кезектеги отуруму 20-майга белгиленген.

Инспекция бул текшерүү иштери аталган ишкана тарабынан КРдин мыйзамдарынын көп ирет бузулушунун негизинде жүргүзүлүп жатканын маалымдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0