Балыкчы — Корумду жолунун курулушуна кошумча 500 млн. сом бөлүнөт

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүЖол салуу иштери. Архив
Жол салуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков министрге Балыкчы — Корумду жолунун 35 чакырым аралыгын сентябрга чейин бүткөрүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушу үчүн кошумча 500 миллион сом бөлүү демилгесин Жогорку Кеңештин профилдик комитети колдоп берди. 

Экс-министр Малабаев: тендердин акчасын "бөлүшкөнгө" жетишпей калдык
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө бүгүн премьер-министр транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаровду кабыл алып, өлкө аймагында салынып жаткан жолдордун курулушу талкууланды.

Жээнбеков министрге Балыкчы — Корумду жолунун 35 чакырым аралыгын сентябрга чейин бүткөрүүнү тапшырды. 

Эскерте кетсек, жолдун жалпы узундугу 104 чакырымды түзүп, анын 35и Тамчы аэропортунан Чолпон-Ата шаарындагы ипподромго чейинки бөлүк болуп саналат. Долбоордун жалпы суммасы 2,6 миллиард сом. Анын 100 миллиону буга чейин бөлүнгөн. Жолдун курулушуна кошумча 500 миллион сом бөлүү чечимин Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети бүгүн бекитип берди.

"Аталган долбоор каржылоо булагы аныкталбастан туруп башталган. Акчанын жогуна шылтоолоп жолдун курулушун токтотуп деле койсок болмок, бирок биз жоопкерчиликтүү мамиле жасап, курулушту аягына чыгарышыбыз керек", — деди өкмөт башчы.

Финансы министрлиги бөлүнгөн 500 миллион сом жакын арада жолдун курулушуна багытталарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0