Акиташ чыккан Күрмөнтү кенин иштетүүгө лицензия 120 миң долларга сатылды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАкиташ табуучу карьер. Архив
Акиташ табуучу карьер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аукционго кыргыз жана кытай компаниялары катышты. Лицензиянын баштапкы баасы 100 миң долларды түзгөн.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Түп айылындагы акиташ менен чопо чыккан Күрмөнтү кенин иштетүүгө лицензия сатылды. Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасынын үстүнөн сотко төрт арыз түштү
Аукцион Түп айылында 16-май күнү өткөн. Лицензиянын баштапкы баасы 100 миң долларды түздү.

Аукционго катышууга "Хуанхэ Групп" ЖЧК кытай компаниясы менен жергиликтүү "ТК Акташ" ЖЧКсы катышкан. 

Комиссиянын 13 мүчөсүнүн чечими менен "ТК Акташ" ЖЧК компаниясы 120 миң АКШ долларын сунуштап жеңүүчү аталды.

Өткөн жылы комиссия кендин баштапкы баасын 1,5 миллион долларга баалаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0