Акча алмаштыруучу жайлар: Кыргызстандын валюта рыногунда абал тынч

Жазылуу
Адатта май айында акчаларды сомго алмаштыруу күчөй баштайт. Бирок быйыл андай көрүнүш байкалган жок.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Учурда Бишкектин валюта рыногундагы абал тынч. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Альянс" акча алмаштыруучу жайлардын ассоциациясынын төрагасы Бактыбек Чойбеков билдирди. 

Анын айтымында, адатта май айында акчаларды сомго алмаштыруу операциясы күчөй баштайт. Анын негизги себеби туристтик сезонго байланыштуу болуп келген. 

"Бирок учурда абал эмнегедир тынч. Жыл башына салыштырмалуу акча алмаштыруунун көлөмү кыйла эле төмөндөп кетти", — дейт Чойбеков.

Анын пикири боюнча, мындай көрүнүшкө бир катар себептер бар.

"Мунун бардыгы которуулар менен элде акча жоктугуна байланыштуу болуп жатат. Бирок мындай абал көпкө чейин деле созулбайт деп ишенем", — деп кошумчалады Чойбеков.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда долларды колдонуудан баш тартуу максатында 2-апрелден тарта ички келишимдер улуттук валюта аркылуу жүргүзүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0