Жээнбеков: ЕАЭБ Кытай менен кызматташууга басым жасашы керек

Жазылуу
Кыргызстандын премьер-министри учурда Арменияда эки күндүк иш сапары менен жүрөт.

ЕРЕВАН, 20-май — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрү стратегиялык өнөктөш болгон Кытай мамлекети менен кызматташууга багыт алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Арменияда өтүп жаткан Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынында билдирди.

Учурда аталган кеңештин кеңейтилген чөйрөдөгү жыйыны өтүп, ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Белоруссия жана Армениянын өкмөт башчылары катышууда.

Жээнбеков өз сөзүндө Кыргызстандын аталган биримдикке кошулуусунун артыкчылыктары менен бирге товар экспорттоо жаатында бир топ тоскоолдуктарга туш болгонун айтып өттү.

"Кыргызстан өзүнүн өнөктөштөрү менен ийри отуруп, түз кеңешүүгө ар убакта даяр", — деди өкмөт башчы.

Биримдикке мүчө мамлекеттер уюмдун негизги жетишкендиктеринин жана максаттарынын орундалышына кедерги тийгизбеши керек экенин белгилеген Жээнбеков биримдиктин мындан аркы өнүгүп-өсүшү чоң аракеттерди талап кыларын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК төрагасы Питерде ЕАЭБ алкагындагы Кыргызстанга тиешелүү маселелерди көтөрдү
"ЕАЭБдин ичиндеги рынокто соода кылуу, товар жүгүртүү мындан да эркин болоруна ишенем. Барган сайын стратегиялык өнөктөш болгон Кытай элдик республикасы менен кызматташуу зарылдыгы айкын болууда", — деди премьер-министр.

Сөзүнүн соңунда Жээнбеков Кыргызстан бардык кызыкчылыктарды эске алуу менен мындар аркы ЕАЭБдин ишмердүүлүгү бардык катышуучу мамлекеттерге өз пайдасын тийгизерине ишеним артты.

Эскерте кетсек, премьер-министр Жээнбековдун Арменияга болгон иш сапары бүгүн аяктайт.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0