Бизнес чөйрөсү Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун ишине нааразы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТүшүм жыйноо. Архив
Түшүм жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизнес өкүлдөрү Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыяларды берүүнү тездетүүнү сунуштап жатышат, болбосо өлкө түшүмдөн куру жалак калышы мүмкүн.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Рынок, соода ишканалары жана тейлөө ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун (ОКӨФ) насыяларды тез арада берүү сунушунтады. Бул туурасында ал "Кыргызстан: ЕАЭБдеги алгачкы жыл, жыйынтыктар жана келечек пландар" аттуу тегерек столдо айтты.

Анын айтымында, ОКӨФ насыялардын буга чейин үч миллион сом турган босого чегин төмөндөтүп, пайыздык үстөгүн төрт пайыз кылган. Бирок буга карабастан аталган фонддун ишине бир топ нааразычылык бар.

"Жаңы жетекчиликтин тушунда деле насыялардын берилиши кечеңдеп жатат. Мында акча муктаж убакта, эртең эмес, кечээ берилиши зарыл", — деди Пономарев.

Ал соода-логистикалык борборлорду курууга мезгил жеткенин, ишкерлер акчанын жетишсиздигинен өлкө түшүмдөн куру жалак каларын айтып коңгуроо кагып жатышканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0