Кыргызстандын пахтасы биринчи жолу Бангладешке жөнөтүлдү

© Фото / Секретариат Почетного консульства Народной Республики Бангладеш в г.БишкекПервая партия отправки хлопка из Кыргызстана в Бангладеш
Первая партия отправки хлопка из Кыргызстана в Бангладеш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бангладеш кийимдерди тигүү боюнча Кытайдан кийин эле экинчи орунда турат.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстандын пахтасы биринчи жолу Бангладешке жөнөтүлгөнүн аталган мамлекеттин Бишкектеги ардактуу консулдугунун катчылыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгачкы партия 25-майда Бангладештин Читтагонг портуна келген.

"Бангладеш көп жылдардан бери пахтаны эң көп сатып алган мамлекеттердин катарында турат. Анткени Бангладеш кийимдерди тигүү боюнча Кытайдан кийин эле экинчи орунда турат. Кыргызстан өз продукциясын жаңы рынокко чыгарууга мүмкүндүк гана албастан пахтаны өстүрүүнү да көбөйтө алат", — дейт Бангладештин Бишкектеги ардактуу консулу Темирбек Эркинов.

Консул учурда пахтаны кайта иштетүүчү бирдиктүү фабрика куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0