Centerra: "Кумтөр" 1-июлда токтоп калышы мүмкүн

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүү"Кумтөр Оперейтинг Компани" (КОК) ишканасынын кызматкерлери. Архив
Кумтөр Оперейтинг Компани (КОК) ишканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канадалык компания Райондор аралык соттун анын туунду ишканасы "Кумтөр Оперейтинг компани" экологиялык мыйзамдарды бузуусу боюнча чечимине каршы доо арыз менен кайрылат.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Канадалык кен казуучу Centerra Gold Inc. компаниясы үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып "Кумтөр" өз ишин токтотушу мүмкүн экенин жар салды. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирүүдө.

Кумтөр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот жана Кумтөр. Экологиялык жаңжал эмнеге алып келиши мүмкүн
Эскерте кетсек, Бишкектин район аралык соту Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын "Кумтөр Оперейтинг Компани" (КОК) ишканасына каршы экологиялык дооматтарын канааттандырып, айлана-чөйрөгө зыян келтиргени үчүн аталган компанияны 6 миллиард 698 миллион 290 сом (98,4 миллион доллар) төлөп берүүгө милдеттендирген. Буга чейин дагы бир 663 миң 839 сом өндүрүү боюнча арыз канааттандырылган. Майдын аягына чейин дагы эки дооматтын каралышы күтүлүп жатат.

Centerra менен КОК аталган инспекциянын койгон дооматтарына макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна, керек болсо Жогорку сотко чейин кайрылууга даяр экенин белгилейт.

Маалыматта компания мындай чыр маселелер боюнча эл аралык сотко кайрылууга укугу бар экени айтылат. Муну менен бирге ишкана Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен кызматташуу боюнча милдеттемелеринен баш тартпай турганын кошумчалады.

Мында кен казууга уруксат берүүчү маселелер чечилбесе ишкана 1-июлдан тарта ишин токтотушу толук ыктымал экенин баса белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0