Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев. Архив

Трактор же iPhone. Министр Кытай заводдорун Кыргызстанга алып келүү жөнүндө

(жаңыланган 12:29 31.05.2016)
Экономика министри заводдорду көчүрүү жөнүндө Кытайдын сунушунун келечеги, көйгөйлөрү жана анык абалы туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

Экономика министрлиги мурдараак Кытайдын өндүрүш кубаттуулуктарын Кыргызстандын аймагына көчүрүп келүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирген эле. Sputnik Кыргызстан маселенин чоо-жайын билүү үчүн экономика министри Арзыбек Кожошев менен маектешти.

— Чын эле 42 ишкана Кытайга берилеби?

— Жок. Бир жолу өткөрүп берүү жөнүндө кеп да жок. Сөз заводдорду көчүрүп келүү жөнүндө болууда. Мурдагы премьер Темир Сариев Кытайга барганда өз кесиптеши менен ашыкча өндүрүш кубаттуулуктарын Кыргызстанга которуу жөнүндө сөз кылышкан. КЭРдин премьери Ли Кэцян биздин өлкөдө иштебей турган заводдорго Кытайдан өндүрүштөрдү көчүрүүнү сунуштаган болчу.

— Мисалы, ошол эле Гуанчжоудагы кийим тигүүчү машина же электроника чыгарган завод өз өндүрүшүн Токмокто же Кызыл-Кыяда жүргүзөт дейли. Бирок эмнеге кытайлыктар бизге кызыгып жатышат?

— Өзүбүздү өтө ашыкча баалоонун кереги жок. Кыргызстан өзүнөн өзү кызыкчылык жаратпайт, себеби бизде рынок кичинекей. Ал эми кытай тараптын демилгеси Кыргызстанга эле эмес, башка өлкөлөргө да багытталган. Кытайда чынында эле завод-фабрикаларлын өтө эле көптүгү байкалат. 

Кызыкчылыктын пайда болушуна себеп, Кыргызстан — Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү. Бул көп миллиондук рынок дегенди билдирет. Болгону ошол. Анан калса, аларда өндүрүштүн өздүк наркынын өсүшү байкалат: эмгек акысы жогорулаган, электр кубаты кымбат ж.б. Бул акыры келип товардын баасына таасир тийгизет. 

Ал эми Кыргызстанда квалификациялуу эмгек күчү иш таппай жатат, энергия болсо аябай арзан. Андыктан, эгер 42 ишкананын жарымы иштесе да, калкты иш менен, демек, бейкуттугун камсыз кылуу жагынан чоң олжо болот.

— Ленин заводунун оозуна миңдеген жумушчулар келе жатканын элестетип кеттим… 

— Толук мүмкүн. Ленин эле эмес, бургулагыч заводу, ЭВМ, Кайыңдыдагы кабель заводуна, Токмоктогу, түштүк аймактагы фабрикаларда да ишке ашышы толук мүмкүн. Биз бардыгы болуп мамлекеттик жана жеке ишканалардын ичинен 42 объект сунуштадык. Алар инвесторлордун жоктугунан иштебей тургандар. Кызматташуу жеке каражаттын негизинде ишке ашат, бул өз кезегинде маселелердин эч тоскоолдуксуз тез чечилишин камсыз кылат. Бирок бул эң башкысы эмес, башкысы — кыргыз тарап бир тыйын да чыгарбайт, болгону, аянтын гана берет. 

Министр экономики Кыргызской Республики Арзыбек Кожошев в рабочем кабинете. Архивное фото
© Фото / пресс-служба минэкономики КР
Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев

— Демек кытайдын миллион адиси бош заводдорду ээлеп калат турбайбы. 

— Жок, андай эмес. Ишканаларды бул жакка алып келүүнүн негизги шарттарынын бири – ишке биздин жумушчуларды тартуу. Андан тышкары, кыргызстандыктардын башкаруу ишинде катышуусу жөнүндө да сүйлөшүп жатабыз. Жана, албетте, ар бир конкреттүү учурда улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен сүйлөшүүлөр жүрөт. Муну менен бирге кыргыз тарап иш-аракеттер республиканын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшүнө көзөмөл кылат.

— Чын эле баары сиз сүрөттөп бергендей жакшы болобу?

— Эми, биринчиден, азырынча сүйлөшүү процесси гана жүрүп жатат. Экинчиден, кылдат иштеп чыгууну талап кылган суроолор бар. Мисалы, экология маселеси. Заводдорду башка жакка көчүрүүнү каалаган себептердин бири деп Кытай абанын же суунун булганышына байланышкан маселелерди атап жатканы жашыруун эмес. 

Биз болсо дал ушул маселе боюнча катуу шарттарды койдук. Бардык экологиялык ченемдер канааттандырылганда гана тиги же бул ишкананы алып келүү жөнүндө маселе коюлат. 

ЖМКлар менен кыргызстандыктардын тынчсыздануусун да түшүнөм, башыбыздан өтпөдүбү. Андыктан шарттарды талкуулоодо ишканалардын экологиялык тазалыгы биринчи орунга коюлат деп ишендире алам. 

— Ооба, бирок дагы бир маселе бар да. Ал баягы кытайлыктардын каптап кетиши. Кытай ишкерлери завод, фабрикалары куруп, өлкөгө толтура акча берип коюп, анан акырындап калкынын кайсы бир бөлүгүн бул жакка көчүрүп келиши мүмкүн. Алар жаңы жерлерди сүйүнүп эле өздөштүргөнгө даяр турат да. 

— Туура, бирок бул жерде Кыргызстандын мыйзамындагы "жылчык-тешиктерди" бүтөш керек. Квоталарды чектеп, алардын баасын көтөрүп, чет элдиктер үчүн кара жумушчуларды алып келүү пайдасыз болгудай кылыш керек. Ошондо жогорку квалификациялуу, бир нерсе үйрөтө турган кадрлар гана келет. 

Анан калса, кыргызстандыкка үйлөнүп алып кытайлыктар биздин жарандыкты алам деп чыгышы мүмкүн. Ошондуктан бул процедураны да катуулатуу зарыл. 

— Бизде бир нерсени чогулта турган гана өндүрүштөр болобу же олуттуу бир ишканалар да пландалып жатабы? Себеби биз "бурамалык" фабрикаларга мурда деле туш болгонбуз да. 

— Кубаттуулугу зор өндүрүштөргө артыкчылык берилет, бизди, мисалы, азыр жетишпей жаткан тракторлорду чыгаруу кызыктырат. Бирок баары кытай тарапка жараша болот. Азырынча бул долбоордо гана, конкреттүү мисалдар менен мөөнөттөрүн атай албайм. 

— iPhone чогултушабы?

— Билбейм. Жогорку технологиялуу ишканаларды тандайбыз. Баары мүмкүн.

Белгилер:
завод, фабрика, Арзыбек Кожошев, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте кытай товарларынын көргөзмө-жармаңкеси болот
ТИМ: кыргыз товарлары Кытайга экспорттолот
Акча каражаттары. Архив

Акчаны кайда салып кантип көбөйтсө болот. Кыргызстандагы шарттар

(жаңыланган 16:58 19.04.2021)
Айдан артып калган же топтогон тыйыныңызды жөн катпай эселентип алуу үчүн туура инвестициялоону өздөштүрүп алган дурус. Мындай процесс так билбегендиктен эле адегенде кыйын, дегеле кол жеткистей көрүнөт деп эсептейт Улуттук банктын өкүлдөрү.

Акчасын көбөйтүп алууну ким каалабасын. Ошондуктан кай багытка салуу пайда алып келет деген сууроо туулат. Улуттук банк инвестициялоонун багыттары боюнча кеңештерин берди.

"Акчаңыз сизге утуш алып келиши үчүн туура инвестициялоону билген оң. Процесс эң башында эле татаал жана мүмкүн эмес нерседей туюлат. Эң башкысы — болгон тыйыныңыздын баарын бир тармакка салбоо керектигин эске тутуп, инвестициялоонун инструменттерин ажырата билүү зарыл", — дешти өлкөнүн башкы банкындагылар.

УБ өкүлдөрү инвестициялоонун варианттарын санап, ошондой эле оң жана терс жактарын тизмектеп беришти.

Акциялар

Акция — бул акционердик коом тарабынан чыгарылган үлүштүк баалуу кагаз. Акцияны сатып алуу менен сиз компаниянын үлүшүндө энчиңиз болот. Акционер катары кирешеңиз аталган ишкана рынокто канчалык ийгиликтүү иш алып барарына жараша.

Акция жөнөкөй жана привелегиялуу (артыкча укуктуу) деп эки түргө бөлүнөт. Жөнөкөй акция жыйналыштарда добуш укугуна жана компаниянын кирешесине жараша дивиденд алуу укугуна ээ кылат. Артыкча укуктуу акциялардын "добушу" жок, бирок компания киреше алган-албаган күндө да белгиленген өлчөмдө дивиденд алуу укугу камтылат. Компания жоюлуп кеткен шартта жөнөкөй акционерлерге караганда булардын мүлктөн үлүш алууда артыкчылыгы болот.

Эгер акционердик коом киреше тапса, анда анын төрттөн кем эмес бөлүгүн ал жыл сайын дивиденд түрүндө акционерлерге төлөп берүүгө тийиш. Дивиденддердин өлчөмү компаниядагы сиздин үлүшүңүзгө пропорциялуу. Бирок ошону менен бирге эле акционерлер компания кыйраган учурда жабыр тартарын да эстен чыгарбоо абзел.

"Акцияга салынган каражат заматта пайда алып келбей турганын дароо такташып алган жакшы. Акцияга инвестициялоо — бул капиталга узак мөөнөттүү салым, андан пайданы сиз 2-3 жылдан кийин гана ала баштайсыз. Акцияга инвестициялоо менен баалуу кагаздын наркы жогорулап да, төмөндөп да кетерин түшүнүүгө тийишсиз. Дал ушул себептен акциялар тобокелдиктин жогорку деңгээлдеги салымдардын түрүнө кирет", — деп белгилейт Улуттук банктагылар.

Облигациялар

Облигация — бул карыздык баалуу кагаз. Аны сатып алуу менен сиз компанияга белгилүү бир убакка чейин белгиленген пайыз менен карыз берип турасыз. Облигациялар адатта 2-3,5 жылга чыгарылып, мөөнөтү келгенде компания сиз салган сумманы кайтарып берет. Бир облигациянын баасы миң сом турат. Корпоративдик облигацияларды акционердик жана жоопкерчилиги чектелген коомдор чыгарат.

"Облигация ээлери аны чыгарган компаниянын башкаруу иштерине аралашпайт. Бирок облигацияга ээлик кылуунун артыкчылыгы бар. Акциялардан айырмаланып компаниянын киреше алып-албаганына карабастан пайыздан түшкөн кирешеңиз сизге чегерилет. Облигациялардын оң жагы инвестор каалаган убагында баалуу кагаздарды экинчи рынокто сатып жиберип, башта салган акчасын кайтарып алат. Ошону менен бирге эле пайыздык пайдасын да жоготпойт", — деп белгиледи Улуттук банк.

Эгер баалуу кагаздар Кыргыз фондулук биржасында Blue Chips категориясы боюнча листинг жол-жобосунан өткөн болсо, инвесторлор киреше салыгын төлөөдөн бошотулат.

Мамлекеттик баалуу кагаздар

Мамлекеттик баалуу кагаздар ынанымдуулугу жогору деп эсептелгендиктен, тобокелдик дээрлик жок. Мамлекеттин атынан өлкөнүн Финансы министрлиги бул баалуу кагаздар боюнча төлөмдөрдү төлөп берүүгө кепилдик берет. Жыл сайын Кыргызстандын бюджетинде ички карызды, башкача айтканда, мамлекеттик баалуу кагаздардын төлөмүн төлөп берүүгө каражат бөлүнөт.

Здание Национального Банка Кыргызской Республики на проспекте Чуй
© Sputnik / Эмиль Садыров
Улуттук банк

Мамлекеттик баалуу кагаздардын кеңири тараган түрлөрү— Мамлекеттик казыналык векселдер (МКВ), Мамлекеттик казыналык облигациялар (МКО) жана Кыргызстандын Улуттук банкынын ноталары.

КР УБ ноталары — бул мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар. Улуттук банк тарабынан 10 миң сомдук нарк менен чыгарылат. Ноталар 7, 14, 28, 91, 182 жана 364 күнгө жайгаштырылат. Максималдуу кирешелүүлүгү 4-5 пайызга жетет.

МКВ — өкмөттүн кыска мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздары 100 сом менен чыгарылат. МКВ 3, 6 жана 12 айга созулат. Алардын жылдык орточо кирешелүүлүгү 6,5 пайызга жетет.

Мамлекеттик казыналык облигациялар — пайыздык кирешеси (купон) жана бир жылдан ашуун айлантылчу өкмөттүн узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздары. МКО документтүү жана документсиз формада чыгарылат. Мамлекеттик казыналык облигациялардын кирешелүүлүгү 12,5 пайызга жетиши мүмкүн. Мамлекеттик баалуу кагаздарды апта сайын Улуттук банк тарабынан өткөрүлүп турган аукциондорго жайгаштырылат.

Мамлекеттик баалуу кагаздарды каалаган юридикалык же жеке тараптар сатып ала алышат. Бул үчүн коммерциялык банкта эсеп ачып, банк аркылуу аукционго катышууга тапшырык берүү керек. Жеке жак жана юридикалык тарап мамлекеттик баалуу кагаздарды түз сатып ала албайт.

Ошондой эле мамлекеттик казыналык облигацияларды Кыргызстандын фондулук рыногундагы брокердик компаниялар аркылуу да сатып алууга болот.

Коммерциялык банктардын аманаттары (депозит)

Депозит — бул ишкана же жеке жактардан каражаттын банкка кабыл алынышы. Каражатыңызды пайдаланганы үчүн банк сизге пайыз төлөйт. Улуттук банк банкка салынган акча Кыргызстанда эркин капиталды салуунун эң жөнөкөй жана кеңири таралган түрү экенин белгилейт.

Женщина пересчитывает 1000-сомовые купюры
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Акча

"Аманат ачууга дейре өз киреше жана чыгымдарыңызды пландап алууңуз кажет, себеби банк депозитинен акчаны мөөнөтүнөн мурун алууда чегерилген пайыздарды көп учурда жоготуп алышыңыз ыктымал. Кирешенин көлөмү аманаттын мөөнөтү жана суммасына жараша. Мөөнөтү канчалык узагыраак жана суммасы канчалык көбүрөөк болсо, депозит боюнча пайыздык чен да ошончолук жогору болот", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле баштапкы инвестициялык капиталды топтоо, кийин башка каржылык инструменттерге салуу үчүн да банкта эсеп ачууга болот.

Кыргызстанда аманаттык салымдар Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан корголот. Кепилденген учур келгенде аманатчыга 200 миң сомго чейин төлөнүп берилет.

Кыймылсыз мүлк

Мүлктүн бул түрүнө акча салуу эки ыкма менен капиталды эселентүүгө жол ачат. Биринчиси — нарк айырмасынан пайда көрүү, башкача айтканда, арзан сатып алып, кайра кымбатыраак сатуу. Экинчиси — ижарага берүүдөн маал-маалы менен пайда көрүү.

© Sputnik / Илья Питалев
Көп кабаттуу үй

"Кыймылсыз мүлккө акча салуу — капитал салуунун эң майнаптуу түрү деген пикир бар. Чындыгында андай деле эмес. Бул ыкманын өзгөчөлүктөрү бар, алардын бирине токтолсок, сиз инвестициялоонун бул багыты менен алектенүү үчүн баштапкы капиталыңыз кыйла көбүрөөк болушу шарт", — деп эскертет Кыргызстандын негизги банкы.

Дагы бир терс жагы — кыймылсыз мүлктү дайым эле заматта сатып жибере албайсың. Мүлктүн бул түрүнө инвестициялоо — капитал салуунун маанилүү түрү, бирок тыкыр мамилени, рынокту жана мыйзамдардын кылдаттыгын ийне-жибине чейин изилдөөнү талап кыларын эскертет КР УБ.

Алтын

Алтын куймалары — бул Кыргызстанда инвестициялоонун жаңы өндүрүмү. Улуттук банк 2015-жылдын 7-майынан тарта алтын куймаларын кайра сатып алуу укугу менен сатыкка чыгарган. Бул анын чоң артыкчылыгы жана салымдын ынанымдуулугунун кепилдиги. Бирок алтын куймалары абдан аяр мамилени талап кыларын эстен чыгарбаңыз. Металлдын үлгүсү (пробасы) абдан жогору — 999,9, ошол себептен ал абдан жумшак келет. Куйма кол, кездеме же салфетка тийсе, бузулуп калышы ыктымал.

Золотые мерные слитки Национального банка Кыргызстана
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Алтын куймалары

Эгер анын үстүндө чийик же манжа издери калып калса, баалуулугун дароо жоготот. Кийин аны сындырылган бөлүктөрдүн баасында, башкача айтканда, баалуу металлдын өз наркынан бир далай арзан сатууга гана болот. Ошондуктан Улуттук банк куйманы кутуча же корголгон таңгакта кармайт.

Алтын куймаларына анча ынанбай турсаңыз менчиктештирилбеген (жеке жактары көрсөтүлбөгөн) металл эсептерди да байкап көрсөңүз болот. Салымдын суммасы куйма өлчөмүнө тете болушун жана аяр мамилени талап кылынган куймаларга инвестициялоодон айырмаланып, бул ыкмада өзгөчө кам көрүү жана салымдын суммасына чектөө жок. Мындайда алтын колго берилбейт, ал виртуалдык, ошондой эле эсепте сакталат.

Эсептен акча алууда виртуалдык алтындарыңыздын санын баалуу металлдын ошол күнкү баасы менен эсептеп беришет. Башкача айтканда, капитал алтындын наркы өскөндө акчаны көбөйтүп алууга болот.

Иш жүзүндө бул баалуу металлдын баасы жай, бирок сезилерлик көтөрүлүп турат.

"Акчаны алтынга салууда инвесторлор бул узак мөөнөттүү инвестиция инструменти экенин эске алышы абзел. Ошондуктан кыска убак үчүн мындай операция жүргүзүүнүн кажети жок", — деп эскертет Улуттук банк.

Буга чейин Sputnik агенттиги кыймылсыз мүлккө акча салуунун артыкчылыгы менен кемчилиги тууралуу материал даярдаган.

Белгилер:
киреше, инвестициялар, металл, алтын, акция, депозит, акча, Улуттук банк
Тема боюнча
Кыргызстандагы электрондук капчыктар. Колдонуу шарттары
Банкка салынган акчаны кантип көбөйтсө болот? Кыргызстандагы депозит тууралуу
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров

Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

(жаңыланган 11:33 19.04.2021)
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров өлкөдө өндүрүш ишканалары дээрлик иштебей жатканын белгиледи.
Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.

"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.

Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.

Белгилер:
Төлөнбек Абдыров, Евразиялык экономикалык биримдик, пандемия, айыл чарба, экономика
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык мигранттар январь менен февралда канча акча которду
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россиянын 11 аскер адамы КР президентинин энчилүү кол сааты менен сыйланды

(жаңыланган 23:29 19.04.2021)
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Церемония вручения именных часов президента Кыргызстана Садыра Жапарова 11 российским военнослужащим на авиабазе Кант
© Пресс-служба президента КР
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.

Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган. 

Белгилер:
сыйлык, Садыр Жапаров, президент, Аскер, саат, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу