Атамбаев: ЕАЭБдин келечегине ага мүчө болгон бардык мамлекеттер жооптуубуз

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын кеңири курамдагы жыйынында
Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын кеңири курамдагы жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Астанада бирдиктүү темир жол тарифинин, кыргыз картошкасынын Казакстанга киришинин чектелиши, кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөлдү алуу маселесин көтөрдү.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын кеңири курамдагы жыйынына катышып, анда ЕАЭБ алкагында оң көрсөткүчтөр менен жаралган маселелерге да токтолду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Ал Кыргызстан Евразиялык интеграция долбоорун колдоп, ЕАЭБге кол койгондон бери бир жыл өткөндүгүн айтты.

"Кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүнүн алынышы, Россияда жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө мигранттардын абалынын жакшырышы сыяктуу интеграциянын оң жактары болду. Бирок, ага карабастан, бир катар маселелерге токтолгум келет. Бул бирдиктүү темир жол тарифинин, кыргыз картошкасынын Казакстанга киришинин чектелиши, кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөлдү алуу, Россия аймагы аркылуу товарларды ташуу жана башка маселелер", — деди Алмазбек Атамбаев. 

Президент бул маселелерди түшүнүп жана кыска мөөнөттө чечүү убадасы үчүн Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевге жана Россия президенти Владимир Путинге ыраазылык билдирди.

Экономика министри Олег Панкратов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Панкратов: кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл сакталууда
"Кызматташтыктын ушундай форматын колдоо менен мен интеграциянын негизги максаттарына жетүүгө мындан ары да сиздерди колдоого жана өз кызматтарыӊыздарды ар кандай тоскоолдуктарды жоюуга багыттоого чакырат элем. Анткени тоскоолдуктар Биримдиктин беделине доо кетириши мүмкүн. Келишимге 2014-жылы 29-майда кол коюлган, ага эки гана жыл болду. Бирок биздин Биримдиктин зор потенциалы көзгө көрүнүп калды. Албетте, бир катар жыйынтыктар жана ийгиликтер менен кошо кемчиликтер жана жаңылыштыктар, атайылап жасалган көйгөйлөр да бар", — деди Атамбаев.

Мамлекет башчысы аталган биримдиктин келечегине ага мүчө болгон бардык тарап жооптуу экендигин жана сабырдуулук, акылмандык менен өз ара кызматташуу керектиги кошумчалады.

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер башчылары жыйында Биримдик ичиндеги жана үчүнчү өлкөлөр менен да кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулап, тийиштүү чечимдерди кабыл алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0