Депутат Арапбаев Азамат

Депутат: электр энергиянын Казакстандан алып жатсак, аны кантип Пакистанга сатабыз

312
(жаңыланган 11:42 01.06.2016)
Жогорку Кеңеште CASA-1000 долбоорунун алкагында 2020-жылдан тарта электр энергиясын Пакистан менен Афганистанга сатуу маселеси каралууда.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев Кыргызстан Пакистанга кайсы электр энергиясын сата турганы кызыкты.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеште 2020-жылдан тарта электр энергиясын Пакистан менен Афганистанга сатуу боюнча "CASA 1000" долбоору каралууда. 

"Өзүбүз Казакстандан сатып алып жатсак кайсыл электр энергиябызды сатабыз? Ошону түшүндүрүп бергилечи", — деди депутат.

Баяндамачы катары келген өкмөт мүчөлөрү Бишкек ТЭЦинде реконструкциянын жардамы менен электр энергиясын өнүктүрүүнүн көлөмү көбөйөрүн, Токтогул ГЭСинде экинчи агрегат ишке кирсе аталган ал 240 мегаватт, Камбар-Ата-2 ГЭСи бүтсө ал 150 мегаватт электр энергия өндүрөрүн, жалпысынан 700 мегаватт электр энергиясы өндүрүлөрүн билдирди. 

Баяндамачылардын маалыматына ылайык, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 233 миллион долларлык насыя 40 жылга алынат. Эгерде 2020-жылы Кыргызстан Афганистан менен Пакистанга электр энергиясын сатпаса, келишим боюнча айыпка жыгылат. Аталган каражатка 450 чакырымдык 500 киловатт кубаттуулуктагы аба чубалгылары тартылат. Келишимге ылайык, долбоор 15 жыл ичинде өзүн актоосу пландалууда.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар келишимдеги милдеттенмелерди аткаруу үчүн карапайым калкка чектөө киргизбөөнү суранышты. Аталган маселе экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

312
Белгилер:
Пакистан, Афганистан, Азамат Арапбаев, электр энергиясы, ГЭС
Тема:
CASA-1000 долбоорунун курулушу (12)
Тема боюнча
Реконструкция, көк тиреген түтүктөр. Бишкектеги ТЭЦтин асмандан көрүнүшү
Үй-бүлө жаңы үйдүн батирин карап жатышат. Архив

Ипотекалык насыянын мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды

49
(жаңыланган 11:39 01.12.2021)
Бул мыйзамдын максаты — кыргызстандыктар үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу экени айтылды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө кол койгон мыйзамга ылайык, ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

"Жапаров “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы боюнча мурдагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген жаңы мыйзамга кол койду. Максат — Кыргызстандын жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат", — деп жазылган таратылган маалыматта.

 Билдирүүдө мыйзам менен инвесторлордун/эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралганы айтылган. Бул өз кезегинде Кыргызстанда ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетмекчи.

 "Мыйзамдагы өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун/эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт", — деп белгиленген анда.

Быйылкы жылдын октябрь айында МИК мурда берилген ипотекалык насыянын пайызы азайтыларын билдирген эле. 

49
Белгилер:
Кыргызстан, ипотекалык насыя, кредит, мөөнөт
Тема:
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү
Тема боюнча
Чыгымды азайтуунун ыкмалары. Кыргызстандыктарга 8 кеңеш
4-8 пайыз менен. Сентябрдан тарта ишке аша турган мамлекеттик ипотеканын шарты
Чүй облусундагы Кегети капчыгайына жылдын төрт мезгилинде иштеген туристтик жайдын долбоору

Кегетиге 380 миң долларлык туристтик комплекс курулат. Сүрөт

505
(жаңыланган 13:48 30.11.2021)
Туристтик жайга каражатты Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду бермекчи. Анын аймагына саркынды сууларды тазалоочу система жана чакан ГЭС курулары айтылды.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Чүй облусундагы Кегети капчыгайына жылдын төрт мезгилинде иштеген, меймандарды тейлей турган комплекстин курулушуна акча берет. Бул туурасында аталган фонддун маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ РКӨФ Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорду каржылоону бекиткен. Ал ири долбоор "Ала-Тоо — Көл-Төр аймагы" комплекси деп аталат. Меймандарды тейлеген жайдын Кегетидеги токойчулугунун аймагында, Көл-Төргө бара жаткан аймакта жана анын жээктеринде курула тургандыгы айтылды.

"РКӨФ финансылай турган сумма 380 000 долларды түзөт. Каражат этностилде салына турган, жылдын төрт мезигилинде тең меймандарды кабыл алууга ылайыкталган заманбап комплекстин курулушуна берилет. Аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө бараандуу салымын кошо турган бул долбоор өлкөбүздөгү атандаштыкка туруштук бере алган багытта", — деп айтып беришкен РКӨФтөн.

Аталган комплекс ишке кирип калса жергиликтүү 30 киши туруктуу жумуш менен камсыз болмокчу.

Долбоордо саркынды сууларды тазалоочу системаны жана чакан ГЭСти куруу менен экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча бардык эреже-талаптар сакталары айтылды.

Кегети капчыгайы Бишкектен 80, Токмок шаарынан 18 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анда бийиктиги 20 метрди түзгөн Кегети шаркыратмасы орун алган. Капчыгайдын эң бийик чекити деңиз деңгээлинен 3 200 чакырымды түзөт.

Ал Кыргыз тоо кыркасынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

505
Белгилер:
Кыргызстан, Токмок, Кегети капчыгайы, туристтик комплекс
Тема боюнча
Ысык-Көлгө экологиялык өзгөчө шаар курулат. Эскизинин видеосу
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы фармакологу Жылдыз Жумагулова

Жумагулова: онкологияга чалдыккандарга кан тапшырып жардам кылса болот

0
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы фармакологу Жылдыз Жумагулова онкологиялык илдетке чалдыккандарга жылдап дарыланууга туура келерин белгиледи.

Онкологияга чалдыккандар дары-дармек, медициналык жабдуу алуу үчүн каржылык жана кан донорлорунун жардамына муктаж. Бул тууралуу Жылдыз Жумагулова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жумагулова: онкологияга чалдыккандарга кан тапшырып жардам кылса болот

Анын айтымында, онкологияга чалдыккандар үчүн өкмөт тарабынан каржы бөлүнөт, бирок ал жетишсиз.

"Кыргызстандын фармацевтикалык рыногу чакан болгондуктан көп компаниялар акыркы чыккан дарыларды алып келүүгө кызыкдар эмес. Башка ооруларга салыштырмалуу онкологияга чалдыккандар жылдап дарыланат. Ошондуктан бир жылга ченеп алынган дарылар кээде жетишсиз болуп калат. Мындан тышкары, медициналык жабдууларга дагы муктаждык күч. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн элдин көмөгү зарыл. Мисалы, балага диагноз коюлганда ата-энеге психологиялык дагы көмөк керек. Анткени муну кабыл алуу абдан оор болот. Ошондой эле тромбоциттик масса менен камсыздоонун наркы дагы жогору. Анткени ал он чакты донордун канынан даярдалат. Ошондуктан мүмкүнчүлүгү барлар онкологиялык илдетке чалдыккандарга деп кан тапшырса, бул дагы бир адамдын өмүрүн сактаганга жардам болот. Мындан тышкары, өлкөдө полиативдик көмөк дагы жөнгө салынган эмес. Аталган дартка чалдыккандар толук кандуу сакайбай калган учурлар кездешет. Онкологиялык илдетте чыдатпаган оору болот. Аны басаңдатуу үчүн наркотикалык багыттагы дарылар жазылат. Аны рецептсиз жок алуу мүмкүн эмес. Айрым медиктер муну жазып бербей койгон учурлар кездешет. Мына ушул багыттагы көмөктү дагы жолго салуу зарылдыгы бар", — деди Жумагулова.

Ошондой эле ал онкологиялык ооруга чалдыккандар табыптарга барып, дарыгерлерге кеч кайрылып калган учурлар да болуп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан радиосу онкологиялык илдетке кабылган балдарга жардам берүү максатында башталган алгачкы ири радиомарафонго катышты. Чогулган каражат долбоордун алкагында оорулууларга жана аларды дарылап жаткан дарыгерлерге жумшалат.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

 

0
Тема боюнча
Арзыкулов: онкологиялык ооруга кабылган балдарга ар бир адам жардам бере алат