КР жана РФ өкмөттөрү мунай менен күйүүчү май алып келүү боюнча келишим түздү

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен Сооронбай Жээнбеков.
Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен Сооронбай Жээнбеков. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрү Дмитрий Медведевдин расмий иш сапарынын алкагында бир нече документтерге кол коюшту.

Медведев ошондой эле 7-июнда Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат.

Кол коюлган документтер:

  1. Кыргызстан менен Россия өкмөтүнүн ортосунда мунай жана мунай продуктуларын алып келүү тармагында кызматташуу жөнүндө келишим;
  2. КР эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен РФтин эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ортосунда социалдык-эмгек жөнүндө макулдашуу;
  3. 2016-2017-жылдары Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуу программасы;
  4. КР интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматы менен РФтин интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматынын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  5. КР транспорт жана коммуникация министрлиги менен РФтин байланыш жана массалык коммуникация министрлигинин мамлекеттик башкарууну автоматташтыруу жаатында өз ара түшүнүшүү меморандуму.

Жаңылыктар түрмөгү
0