Эсептөө палатасынын 2015-жылдагы отчету ЖК тарабынан жактырылды

© flickr.com / Images MoneyКалькулятор жана монеталар. Архив
Калькулятор жана монеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр жалпысынан 2961 аудиттик текшерүү жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Эсептөө палатасынын 2015-жылдагы отчету Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылды. Палатанын жетекчиси Улукбек Мариповдун айтымында 2015-жылы 2961 аудит жүргүзүлгөн. Алардын 2111 текшерүүсү бюджеттик мекемелерде жүрсө, 400ү чарбалык ишканаларда, 437си жергиликтүү органдарда болгон. Мындан сырткары 13 уюм текшерүүгө алынган.

Каржы бузуулардын арты менен 1 миллиард 490 миллион сом өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч 2014-жылга караганда 12 пайыз аз дегенди түшүндүрөт.

Эсептөө палатасынын жылдык отчетуна 75 депутат макул болуп, каршы чыккандар болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0