"Росконгресс" Кыргызстан менен иштешүүнүн 7 себебин айтып берди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык форум
Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык форум - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Петербургда өткөн эл аралык экономикалык форумдун докладында Кыргызстандын экономикалык өзгөчөлүктөрү тууралуу айтылган.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россиянын экономикалык өнүгүү министрлигинин колдоосу менен "Росконгресс" түзгөн "Евразиялык интеграциянын экономикалык алкагы" аттуу докладында Кыргызстан менен иш алып баруу маселеси камтылган. 

Аталган доклад Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык форумда көрсөтүлгөн. "Росконгресс" 2007-жылы форумду өткөрүү үчүн түзүлгөн. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы докладдын ичинен Кыргызстанга иштешүүгө себеп болгон жети себепти таап чыкты. 

  1. Кыргызстандын географиялык жайгашкан жери эң маанилүү транзиттик аймак болуп бере алат. 
  2. Республикада чет элдик инвестицияларга бөгөт коюлбайт. Экономиканын бардык секторлору чет элдик каражат үчүн ачык. 
  3. Чет элдик инвесторлор жеке менчик ишканаларды ача алышат. 
  4. Жибек жолундагы эң маанилүү эки маршруттук каттам Кыргызстан аркылуу өтөт.
  5. Кытай металл, алтын, уран жана электр энергия жаатында Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар.
  6. Кытайдагы ишканаларды Кыргызстанга көчүрүү ыктымалдыгы бар.
  7. Республика инфраструктуралык инвестициялар боюнча Азиялык банктын мүчөсү болуп катталып, активдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0