"Ата Мекен" фракциясы "Кумтөрдү" кайтадан улутташтыруу керектигин көтөрүүдө

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO"Кумтөр" ишканасы. Архив
Кумтөр ишканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кумтөрдү" улутташтыруу маселеси фракция тарабынан экинчи жолу көтөрүлүүдө. Былтыр өкмөт мындай идеядан баш тарткан.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясы "Кумтөрдү" кайтадан улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкканын депутат Алмамбет Шыкмаматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул маселени парламент сентябрь айында ишин баштагандан кийин карайт. Ал фракция "Кумтөрдү" улутташтыруу керектигин башынан баштап эле айтып келет. Анткени азыркы шарт (Кыргызстандын үлүшү 33 пайыз) өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбей турганын кошумчалады.

"Улутташтырып туруп, башка инвесторлорду тапса болот. Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы үч миллиард доллардай талап кылууда. Ошол эле учурда биздин да экологиялык маселелер боюнча дооматтарыбыз бар. Андыктан компенсациянын көлөмү жарым миллиард долларга чейин азаят", — деп депутат божомолдойт.

Шыкмаматовдун айтымында, Centerra учурдагы келишимде "алдамчылык болгонун" моюнга алат, бирок, Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болгон баштапкы келишимге келүүнү каалабай жатат.

"Алар мурдагы келишим менен иштейбиз деп жатат. Андай болсо биз эл аралык пакты аркылуу кепилденген укуктарбызды колдонуп, Кумтөрдү компенсацияны төлөп туруп улутташтырып алсак болот", — дейт эл өкүлү.

Centerra Gold Inc. ишканасы "Кумтөр" алтын кенине 100 пайыз ээлик кылат. 2009-жылкы келишим менен Кыргызстандын Centerra ишканасындагы үлүшү 33 пайызды түзөт. Centerra ишканасынын Кыргызстан менен Монголияда эки алтын кенине ээлик кылат.

Жогорку Кеңештин токтому менен 2014-жылдын февраль айында өкмөткө "Кумтөр" менен болгон келишимди өлкө үчүн пайдалуу шартта кайта түзүү тапшырылган.

Алтын куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кумтөр" Кыргызстанды кошумча акча өндүрүүгө аракет кылууда деп айыптады
Өкмөттүн сунуштаган версиясын карап туруп парламент ишкананы улутташтыруудан баш тарткан.

Былтыр декабрь айынын аягында өкмөт Centerra Gold Inc. компаниясы менен "Кумтөр" кени боюнча келишимди реструктуризациялоо боюнча болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын билдирген. Мындай кадамга канадалык компаниянын КР өкмөтүнө кабар бербестен казыналык акциялардан болжол менен кошумча 4,6 миллион эмиссия алуу чечими себеп болгон. Эмиссиянын жыйынтыгында адистердин алдын ала эсептөөлөрү боюнча Centerra ишканасындагы "Кыргызалтын" ААКтын акциясынын үлүшү 32,7 пайздан 32,1 пайызга чейин азаймак.

"Кумтөр" кени 2016-жылга Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен стационардык булгоо булактарынан атмосферага чектелген нормадагы булгоочу заттарды чыгарууга уруксат кагазын алган. Буга чейин кендин токтоп калуу коркунучу бар болчу, себеби берилген уруксат 1-июлда бүтмөк.

Жаңылыктар түрмөгү
0