Токтогул ГЭСин куруудагы зыяндарды компенсациялоону 70 млн. сомго көбөйтүү демилгеленди

Жазылуу
Буга чейин атайын фонддун жылдык каражаты 43 миллион сом өлчөмүндө болгон.

БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. Токтогул районунун атайын фондунун каражатын 70 миллион сомго чейин көбөйтүү сунушталууда.

Жогорку Кеӊеште "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, баардык фракциялардын макулдугу менен дароо экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Кумтөр ишканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекен" фракциясы "Кумтөрдү" кайтадан улутташтыруу керектигин көтөрүүдө
Өкмөт мыйзам долбоору аркылуу Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндардын ордун толтуруу максатында түзүлгөн Токтогул районунун атайын фондун 70 миллион сомго чейин көбөйтүү демилгесин көтөрүүдө. Буга чейин атайын фондун жылдык каражаты 43 миллион сом өлчөмүндө болгон.

Жыйын жүрүшүндө фонддун каражатын көбөйтүү, жакшы ниет менен ачылган Токтогул районунун атайын фонду түзүлгөндөн бери чыр-чатактан арылбай келатканы, фонддун каражаты өз багытында жумшалбагандыктан, жергиликтүү тургундар анын ишине нааразы экени, 9 кылмыш иши козголгону белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0