КРде жашап кеткен немис ишкерлер Кыргызстанда бизнес кылууга кызыгат

© flickr.com / Bandeira da AlemanhaГерманиянын желеги. Архив
Германиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууга 15тей ишкер катышты. Алардын арасында генератор жана күндүн нурунан энергия алуучу панелдерди чыгарган компаниянын негиздөөчүсү Вальдемар Редер, биогаз алууга керектүү жабдууларды чыгарган компаниянын негиздөөчүсү "BioEnergie Pöhl e. K" Уве Флюгель да бар.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. КРдин Берлиндеги элчилиги учурунда Кыргызстанда жашап, бирок өлкөдөн чыгып кеткен немис ишкерлери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Сүт заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан өз продукциясын Германияда көрсөтөт
Жолугушуу учурунда Кыргызстандын элчиси Эринес Оторбаев жана Кыргызстандагы немистер союзунун төрагасы Валерий Диль ишкерлерге Кыргызстанда бизнес кылуунун келечеги жана ЕАЭБге киргенден кийинки шарттар тууралуу айтып беришти.

Өз кезегинде ишкерлер Кыргызстан менен болгон иштери тууралуу айтып, өлкө ЕАЭБге киргенден кийин анын рыногу кеңейгенин баса белгилешти.

Жыйындын соңунда катышуучулар мындай жолугушууларды элчиликтин жардамы менен такай уюштуруп турууну чечишти. Жолугушууга 15тей ишкер катышты. Алардын арасында генератор жана күндүн нурунан энергия алуучу панелдерди чыгарган компаниянын негиздөөчүсү Вальдемар Редер, биогаз алууга керектүү жабдууларды чыгарган компаниянын негиздөөчүсү "BioEnergie Pöhl e. K" Уве Флюгель да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0