Кыргызстанда орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТрактор. Архив
Трактор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам фонддун кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин Кыргызстандагы статусун, берилүүчү артыкчылыктарды жана иммунитеттерин аныктоо максатын көздөйт.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун Кыргызстанда иш алып баруу шарттары жөнүндөгү макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Столдогу акчалар жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өнүктүрүү фонду: ишкердик үчүн насыяны 5 пайыздык үстөк менен 9-10 комбанк берет
Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-майда кабыл алган.

Макулдашуу Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун ишмердиги үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, фонддун кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин Кыргызстандагы статусун, берилүүчү артыкчылыктарды жана иммунитеттерин аныктоо максатын көздөйт.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0