Электр зымдар. Архив

ЕӨБ энергетика жана экология тармагы боюнча долбоорду каржылоого даяр

40
Каржы министрлиги менен банктын өкүлдөрү электр энергиясы, чакан шаарлардын жана муниципалитеттердин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорго кол коюуга өз ара аракеттенүү боюнча пикир алышты.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. КР каржы министри Адылбек Касымалиев Европанын реконструкция жана өнүгүү банкынын Борбор Азия боюнча жаңы директору Нил МакКейн баштаган делегация менен жолукту. 

Касымалиев Европа реконструкция жана өнүгүү банкы менен Кыргызстандын алакасынын жакшы деңгээлге чыгып жатканын баса белгиледи. Андан сырткары, акыркы учурда өлкө жетекчилигинин парламенттик демократия, инвестициялык абалды жакшыртуу жана ишкерлерге шарт түзүү боюнча жакшы аракеттерди жасап жатканын айтты.

Жолугушууда тараптар электр энергиясы, чакан шаарлардын жана муниципалитеттердин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорго кол коюуга карата жасалып жаткан аракеттерди талкуулашты. 

Европа реконструкция жана өнүгүү банкы "Ошэлектрону" жаңылоого (5 миллион евро) жана "Жалал-Абад тазалык" ишканасынын (8,95 миллион евро) катуу калдыктарды жок кылуу долбоорун ишке ашырууга каражат бөлүүгө даяр экенин билдирди.

Касымалиев ошондой эле энергетика артыкчылык берилген тармак экенин айтып, бул жаатта өлкө кызматташууга даяр экенин айтты.

40
Белгилер:
энергетика, Евразиялык өнүктүрүү банкы, Каржы министрлиги, Европа
Тема боюнча
ЖК электр кубатынын тарифин аныктоону тармактык агенттикке жүктөөнү чечти
Председатель Кабинета Министров Кыргызстана Улукбек Марипов. 24 июня 2021 года

Актанбагылачы! Марипов айыл чарба министри менен орун басарларын зекиди

60
(жаңыланган 17:35 24.06.2021)
Марипов эгерде министрлик өз учурунда көңүл буруп иштегенде суунун тартыштыгы, азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер чыкмак эместигин айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо ишин жетиштүү аткарбаганы үчүн сөгүш жана эскертүү алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго эскертүү, ал эми анын орун басары Нурлан Шериповго сөгүш жарыяланган.

Министр сельского, водного хозяйства и развития регионов Аскарбек Джаныбеков. 24 июня 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков

Мындан сырткары, дагы бир орун басар Азамат Мукашевдин бул кызматка ылайык келер-келбеси боюнча маселе каралмакчы.

"Эгерде силер өз учурунда көңүл буруп иштегенде суунун тартыштыгы, азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер чыкмак эмес. Актанбай эле койгулачы! Тармактык министрлик коюлган милдеттерди аткарып, маселени чечүүнү башынан ойлонушу керек эле. Акыркы беш айдагы иштин планын алалычы. Суу колдонуучулар ассоциациясынын ишине анализ жасоого тапшырма берилген. Бүгүн бир да сунуш түшкөн жок. Аймактардагы кластердик механизмди тереңдетүү боюнча маалыматтар жокко эсе. Жалпысынан алганда, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин иши жетишсиз жасалган", — деген Марипов.

Эске салсак, Марипов 11-июнда Чүй облусун кыдырып жүрүп "эртеңден тарта (12-июнь – ред.) сугат суу фермерлерге жетпей турган болсо, облус, район жетекчилигине карата катуу чара көрүлөт" деген эле.

Быйыл дыйкандар менен фермерлер сугат суунун тартыштыгы боюнча олуттуу маселе жаралып жаткандыгын, аны чечүү боюнча ыкчам чаралар керектигин айтып, коңгуроо кагып жатышат. Эгерде бул маселе чечилбесе көйгөйлөр жараларын, кымбатчылык мындан да тереңдерин айтышууда.

60
Белгилер:
суу тартыштыгы, кургакчылык, түшүм, суу, Чүй облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда тышка мал сатууга коюлган чектөө алынды
Суу жок. Чөптүн жана дан өсүмдүктөрүнүн баасы азыркыдан да көтөрүлүшү мүмкүн
Уйлар. Архив

Кыргызстанда тышка мал сатууга коюлган чектөө алынды

49
(жаңыланган 17:02 24.06.2021)
Улукбек Марипов жыйында өлкөгө кант, өсүмдүк майы менен эт ташып келгендерди кошумча салыктан бошотуу чечими кабыл алынганын билдирди.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бодо мал менен майда жандыктарды экспорттоого чектөө алынганын өкмөт кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн кезексиз жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу каралган.

Марипов Айыл чарба министрлиги маалында чара көрсө, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда көйгөйлөр жаралмак эместигин айткан. Ошондуктан бир катар чечимдерди кабыл алуу маанилүү болуп жатканын билдирген.

"Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн тышкары аймакка кээ бир айыл чарба азыктарын экспорттоого тыюу салынат. Кеп буудай, буудай уну, шекер, күрүч, өсүмдүк майы жана жумуртка тууралуу болуп жатат. Ошондой эле тоютка болгон баанын өсүшү байкалууда. Буга байланыштуу чөптү, аралаш тоютту, жүгөрүнү, арпаны толугу менен тышка сатууга тыюу салынат. Ал эми 8-июлдан тарта Кыргызстанда бодо мал менен майда жандыктарды экспорттоого чектөө алынат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, үч миң тонна кумшекер жана өсүмдүк майы сатып алынганын билдирген. Ошондой эле өлкөгө кант, өсүмдүк майы менен эт ташып келгендерди кошумча салыктан бошотуу чечими кабыл алынган.

Марипов бюджетке болжол менен 200 миллион сом түшпөй каларын, бирок элди азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн туура чечим кабыл алынганын кошумчалаган.

49
Белгилер:
азык-түлүк, чектөө, чечим, экспорт, мал, Кыргызстан
Тема боюнча
Керимбаев: эми Казакстандан өткөн товарлар мурдагыдай текшерилбейт
Июлда күйүүчү майдын баасы дагы 4-6%га кымбаттаары айтылды
Сборка автобусов и электробусов в Камском автомобильном заводе (КамАЗ)

Министрлик: КамАЗ Кыргызстанда автобус чогултуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

0
(жаңыланган 18:36 24.06.2021)
Үч тараптуу келишимге россиялык ишкананын жетекчиси, кыргызстандык компания, энергетика жана өнөр жай министри кол койду.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Камский автомобиль заводу (КамАЗ) газ менен жүргөн автобус жана электробустарды Кыргызстанда чогултуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрөт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Министр Доскул Бекмурзаев башында турган делегация россиялык компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышкан. Мындай мүмкүнчүлүктү карап көрүү боюнча келишимге министр Бекмурзаев, "Шыдыр Жол Кей Джи" ЖЧКнын башкы директору Токтобүбү Оргалчы жана КамАЗдын башкы директору Сергей Когогин кол койгон.

  • Сборка автобусов и электробусов в Камском автомобильном заводе (КамАЗ)
    Камский автомобиль заводу (КамАЗ) газ менен жүргөн автобус жана электробустарды Кыргызстанда чогултуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрөт.
    © Фото / пресс-служба Минэнергопром
  • Делегация во главе с министром энергетики и промышленности Кыргызской Республики Доскулом Бекмурзаевым ознакомилась с деятельностью российской компании «КамАЗ»
    Министр Доскул Бекмурзаев башында турган делегация россиялык компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышкан.
    © Фото / пресс-служба Минэнергопром
  • Сборка автобусов и электробусов в Камском автомобильном заводе (КамАЗ)
    Мындай мүмкүнчүлүктү карап көрүү боюнча келишимге министр Бекмурзаев, "Шыдыр Жол Кей Джи" ЖЧКнын башкы директору Токтобүбү Оргалчы жана КамАЗдын башкы директору Сергей Когогин кол койгон.
    © Фото / пресс-служба Минэнергопром
  • Автобусы и электробусы в Камском автомобильном заводе (КамАЗ)
    Кийин тараптар келишип калса автобустарды чогултуу боюнча келишимге кол коюлат.
    © Фото / пресс-служба Минэнергопром
1 / 4
© Фото / пресс-служба Минэнергопром
Камский автомобиль заводу (КамАЗ) газ менен жүргөн автобус жана электробустарды Кыргызстанда чогултуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрөт.
"Келишимге ылайык тараптар Кыргызстандын аймагында эл ташый турган газ менен жүргөн автобус жана электробустарды чыгаруу боюнча изилдөөлөрдү биргеликте жүргүзүшөт", — дешти министрликтен.

Кийин тараптар келишип калса автобустарды чогултуу боюнча келишимге кол коюлат.

0
Белгилер:
келишим, Кыргызстан, автобус, "КамАЗ"
Тема боюнча
Бишкекке жаңы алып келинген автобустар кайсы жактарга каттайт? Маршрут