Финансы министрлиги Балыкчы — Корумду жолун оңдоого 1 млрд. сом бөлөт

© Фото / SputnikБалыкчы — Корумду жолунун оңдоо иштери. Архив
Балыкчы — Корумду жолунун оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөлүнгөн каражатка Балыкчы — Корумду жолунун 46,5 — 76,5 чакырымы жана 81,1 — 83,6 чакырымдары оңдолмокчу.

БИШКЕК, 7-июл.— Sputnik. Финансы министрлиги жакынкы күндөрү  "Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду автожолун реконструкциялоо" долбоорун каржылоону, тагыраагы ага 1 миллиард сом кароону пландап жатат.  Бул туурасында аталган ведомствонун сайтында кабарланды. 

Анда өкмөттүн атайын токтомуна ылайык, Финансы министрлигинин республикалык бюджеттен июль-август айларында жогорудагы сумманы бөлө турганы айтылган.

Жол ремонт иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына 59 күн калды. Бүтө элек жол, бөлүнбөй жаткан каражат
Министрликтен бөлүнгөн каражатка жолдун Балыкчы — Корумду жолунун 46,5 — 76,5 чакырымы жана 81,1 — 83,6  чакырымдары оңдолмокчу.

Буга чейин жаз айларында Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушун текшерген мекемелер аралык комиссия бир катар мыйзам бузууларды аныктап, парламентте, коомчулукта бир топ кызуу талашты жараткан. 

Бул чырдын артынан премьер-министр Темир Сариев менен ал кездеги транспорт жана коммуникация министри Малабаев, анын орун басары Улан Уезбаев кызматтан кеткен.  

Жолдун жалпы узундугу 104 чакырымды түзүп, анын 35и Тамчы аэропортунан Чолпон-Ата шаарындагы ипподромго чейинки бөлүк болуп саналат. Долбоордун жалпы суммасы 2,6 миллиард сом. Анын 100 миллиону буга чейин бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0