Бишкек ТЭЦи 46 миллион сомдук тепловоз сатып алууга камынып жатат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТепловоз. Архив
Тепловоз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тепловоз Бишкек ТЭЦи үчүн алынат. Кошумча нарк салыгын эсептебегенде анын баасы 41 миллион 175 миң сомду түзөт.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Мамлекеттик сатып алуулар порталына "Электр станциялары" ишканасы тепловоз сатып алууга тендер жарыялады. 

Балыкчы — Корумду жолунун оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финансы министрлиги Балыкчы — Корумду жолун оңдоого 1 млрд. сом бөлөт
Маалыматка караганда ТГМ-4 үлгүсүндөгү тепловозду "Электр станциялары" ишканасы 46 миллион 117 миң 647 сомго сатып алууга даяр. 

Ал эми айрым интернет ресурстар тепловозго болгон баа эки эсе жогору көрсөтүлүп калганын жазып чыгышты. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматынын өкүлү Тагжана Айдаралиевага кайрылганда, техника каражатынын баасы кымбат эмес экенин билдирди. 

"Баасы кымбат көрсөтүлгөн дегендер жаңылышат. Алар эски тепловоздордун наркына салыштырып жатышса керек. Биз заводдон чыккан жаңысын алганы жатабыз. Экинчиден, мамлекеттик бюджеттен бир тыйын да коробойт, техниканы алууга компаниянын акчасы жумшалат. Көрсөтүлгөн баа кошумча салыкты кошуу менен эсептелген", — деп билдирди Айдаралиева. 

Анын айтымына караганда тепловоз Бишкек ТЭЦи үчүн алынат. Себеби мурда алынган тепловоз 1989-жылдан бери иштетилип, эскилиги жеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0