Улуттук банк жыл башынан бери 150 млн доллар сатып алды

Жазылуу
Америкалык валютанын наркы жыл башынан бери сегиз сомго төмөндөдү. Улуттук банк сомдун туруктуулугун сактоо үчүн интервенцияларды жүргүзүп турат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы жыл башынан бери 151,4 миллион доллар сатып алгандыгы тууралуу маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Алмазбек Атамбаев Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йорданды кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев банк ишинде швейцариялык тажрыйбаны үйрөнүү керектигин белгиледи
Алты айдын ичинде банк 91,7 миллион доллар саткан, анын көпчүлүк бөлүгү январь айына туура келет. Ал эми март айынан тарта Улуттук банк долларды сатып ала баштаган. Кечээ, 12-июлда Улуттук банк 5,9 миллион доллар сатып алды. Натыйжада, жалпы жонунан жыл башынан бери 151,4 миллион доллар сатып алынды.

Интервенциялар улуттук валютанын туруктуулугун сактоо үчүн жүргүзүлүп келет. Долларды сатып алуу менен өлкөнүн эл аралык валюталык резерви толукталат.

Үстүбүздөгү жылдын башында доллар 76 сом ченинде кармалып турганы менен анын наркы кайрадан төмөндөп баштады. Улуттук банктын маалыматына караганда шейшемби күнгө салыштырмалуу валютанын расмий наркы 67,3 сомду түзүп, мурдагы наркын сактап турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0