Электр кубатынын баасы бир жылга чейин кымбаттабайт

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЭлектр көрсөткүч. Архив
Электр көрсөткүч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр август айынан тарта тарифтер 10 пайызга көтөрүлүп, бир киловатт-саат электр энергиясы 77 тыйынды түзгөн. Буга чейин социалдык тармактарда тарифтер 30 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн экени маалымдалган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Быйыл электр энергиясынын тарифи жогорулабай турганын Отун-энергетика комплексин жөнгө салуучу мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Нурбашев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Былтыр август айынан тарта тарифтер 10 пайызга көтөрүлүп, бир киловатт-саат электр энергиясы 77 тыйынды түзгөн. Мындай кийин тарифти көтөрүүгө көрүлгөн пландуу аракеттер бир канча жолу жылдырылган. Апрель айында президент Алмазбек Атамбаев электр кубатынын баасы көтөрүлбөй турганын билдирген.

"Ооба, быйыл тарифти 84 тыйынга чейин көтөрүү пландалган, бирок азыр андай пландар жок", — деди Нурбашев.

Анын айтымында, тарифтер канчага көтөрүлөрү кийинки жылы белгилүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0