Бакиевдердин байлыктарын сатуудан КР үч миллион доллар топтоду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүМурдагы президент Курманбек Бакиев. Архив
Мурдагы президент Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2010-жылдагы окуялардын кийин улутташтырылган 47 объектинин ичинен сегизи сатылды. Бир бөлүгү мамлекеттин карамагында калды.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Саясий окуялардан улам, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына тиешелүү болуп, кийин улутташтырылган объектилерди сатуудан 200 миллион сом каражат түштү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан билдиришти. 

2010-жылдагы окуялардан кийин Курманбек Бакиевге жана анын айланасындагыларга, жакындарына тиешелүү болгон 47 объект улутташтырылган.

"Алардын бир бөлүгү мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилип, калгандары сатылууда. Учурда алардын ичинен сегизи сатылды",— деп билдирди Маммүлк фондусунун төрагасынын орун басары Мурадил Джумадилде уулу.

Аталган фондунун кызматкери Тимур Малбашев улутташтырылган объектилерден 200 миллион сом түшкөнүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0