"Электр станциялары" ишканасы 2 млрд. сомго калориялуу көмүр сатып алат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТаш көмүр. Архив
Таш көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 25-июлда жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 15-августунда аяктайт.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Электр станциялары" ишканасы тарабынан көмүр сатып алуу үчүн тендер жарыяланды. 

Мектепте тактача орнотуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч-Коргон айылына мектеп куруу үчүн дээрлик 57 млн. сомго тендер жарыяланды
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда ишкана жогорку калориялуу Д, ДГ жана Г үлгүсүндөгү көмүр сатып алуу үчүн 1 миллиард 802 миллион 145 миң сом сарптоону көздөп жатат. 

Көрсөтүлгөн суммага бардык кошумча нарк салыктары кошулган. 

Тендер 25-июлда жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 15-августунда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0