ЖМК: Тажикстан быйыл Кыргызстанга электр энергиясын бербейт

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кадам Тажикстандын Согду облусундагы электр энергиясынын тартыштыгынан улам жасалууда.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Тажикстандын энергетика жана суу ресурстар министри Усмонали Усмонзода быйыл Тажикстандын электр энергиясы Кыргызстанга импорттолбай турганын жар салды. Бул тууралуу Азия Плюс агенттиги билдирди. 

Министр Кыргызстан тарап үстүбүздөгү жылдын июнь-сентябрь айлары үчүн 2 миллиард киловатт саат сураганын айтты. 

"Биз Кыргызстан тарап сураган электр энергиясын бере албайбыз. Анткени өзүбүздүн Согду облусубузга жетишсиз болууда", — деди министр. 

Усманзода Казакстан да Душанбеден электр энергия сураганын, азырынча ал өтүнүчтү аткаруу мүмкүн эмес экендигин кошумчалады. 

КРдин Энергохолдинги Тажикстандан расмий билдирүү келе электигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0