Электр зым өткөрүү. Архив

Өзбекстан аркылуу өткөн электр чубалгысы Кыргызстанга курулду

57
(жаңыланган 15:36 02.08.2016)
Буга чейин Ала-Бука районундагы аба чубалгысынын төрт чакырымы коңшу өлкөнүн аймагы аркылуу өтүп, тейлөө иштерине тоскоолдук жаратып келген.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Өзбекстандын аймагында жайгашкан аба чубалгысы чыгарылып, Кыргызстандын аймагына жаңысы курулду.

Маалыматка ылайык, буга чейин Ала-Бука районундагы "Шекафтар — Ажек — Кыргызстан" аба чубалгысынын төрт чакырымы коңшу өлкөнүн аймагы аркылуу өтүп, тейлөө иштерине тоскоолдук жаратып келген. 

"Жалалабатэлектро" ачык акционердик коомунун 2016-жылга коюлган иш планынын негизинде 5,5 чакырым аба чубалгысы Кыргызстандын аймагында курулуп ишке берилди. Ага 14,6 миллион сом акча бөлүнгөн.

57
Белгилер:
курулуш, аба чубалгысы, Ала-Бука
Тема боюнча
"Электр станциялары" ишканасы 2 млрд. сомго калориялуу көмүр сатып алат
Жалал-Абад: катуу шамалдан үйдүн тунукеси электр мамычасына илинип калган
Электр кубатынын баасы бир жылга чейин кымбаттабайт
Пикирлер