Чаткалдагы Чаарташ алтын кенин чалгындоого аукцион жарыяланды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКен казуу. Архив
Кен казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын кенди чалгындоо иши боюнча өткөрүлүп жаткан аукциондун баштапкы баасы 10 миң доллар.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 26-августунда Чаарташ кенин (Жалал-Абад облусунун Чаткал району) чалгындоо иштерине аукцион өтөт. Бул тууралуу Өнөржай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин сайтында жарыяланды. 

Аукцион Чаткал ройондук администрациясынын имаратында болот. 

"Чаарташ кенинде алтындын 20,41 тонна запасы бар. Аталган аймак 1965-жылдан бери изилдөөгө алынган", — деп айтылат маалыматта. 

Алтын кенди чалгындоо иши боюнча өткөрүлүп жаткан аукциондун баштапкы баасы 10 миң доллар.

Жаңылыктар түрмөгү
0