Евразиялык өнүгүү банкы КР экономикасынын өнүгүүсүн божомолдойт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын монеталары. Архив
Кыргызстандын монеталары.  Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга алдыдагы алтын кенин иштетүү, экспорттун көбөйүүсү себеп болот.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Евразиялык өнүгүү банкы КР экономикасы минустан чыгарын божомолдойт. Бул тууралуу аталган банктын башкы экономисти Ярослав Лисоволик экономикалык жыйын учурунда билдирди. 

КРдин Улуттук статистикалык комитетинин билдирүүсүнө ылайык, жарым жыл ичинде ички дүң продукциянын көлөмү 2,3 пайызга төмөндөп кеткен. Бул көрүнүш өнөр жайдын төмөндөшү менен түшүндүрүлүүдө. 

"Жылдын жыйынтыгы менен 1,5 пайыздык өсүү байкалган. Бул көрсөткүч ар кыл тармактардын өнүгүүсүнө байланыштуу. Алдыда кен иштетүү тармагын өркүндөтүү да каралууда", — деди Лисоволик. 

Ал мындан сырткары, экспорттун көбөйүүсү жана мигранттардын акча которуусу да себеп болгонун кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0