Эгемендүүлүккө жана Көчмөндөр оюнуна карата күмүш тыйындар чыкты

Жазылуу
Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Жакында "Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгына – 25 жыл" жана "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" аттуу коллекциялык күмүш тыйындар жүгүртүүгө чыгат. Бул тууралуу Толкунбек Абдыгулов президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп жатып билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуу бүгүн, 9-август күнү болду. Анда Улукттук банктын төрагасы президентке тыйындарды көрсөттү.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" күмүш тыйыны
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары күмүш тыйыны - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" күмүш тыйыны
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгына – 25 жыл"
Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгына – 25 жыл - Sputnik Кыргызстан
2/2
"Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгына – 25 жыл"
1/2
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" күмүш тыйыны
2/2
"Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгына – 25 жыл"

Доллар белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Долларга суроо: кайда баратасың?
Жолугушуу маалында мамлекет башчысы өлкөнүн валюта рыногунун абалы, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, экономикадагы азыркы кырдаал жана ага тышкы факторлордун, анын ичинде АКШ долларынын тийгизген таасири тууралуу маалымат алды. Улуттук банктын башчысы валюта рыногундагы туруктуулукту сактоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

Атамбаев Улуттук банк өлкөнүн валюта рыногунун абалына бекем көз салып, сомдун туруктуулугун сактоо боюнча өз маалында чараларды көрүү керек экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0