Баткенге биофабрика куруу каралып жатат

© Фото / Медербек НиязалиевБаткен шаары. Архив
Баткен шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 15-августта жарыяланып мөөнөтү 5-сентябрда аяктайт.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Баткен облусуна аймактык биофабрика куруу үчүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы "Кыргызагробиоборбор" агенттиги тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда фабриканы куруу иштерине 22 миллион 460 миң сом жумшалганы жатат.

Тендер 15-августта жарыяланып мөөнөтү 5-сентябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0