Баткендин ишкерлери Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташат

© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Баткенской областиОрус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) жана кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) жана кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен Баткен облусунун ишкерлери жолуккан.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) жана кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кызматташуу боюнча меморандумга кол койгондугун аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун өкүлдөрү Баткен облусунун ишкерлери менен жолугушуу өткөргөн.

"Ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаев, орун басары Алишер Абдрахманов, ОКӨФтин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Владимир Некрасовдор катышкан жолугушуунун жүрүшүндө фонддун өкүлдөрү ОКӨФтин  ишмердүүлүгү жана стратегиялык максаттары жөнүндө айтып берди", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, облустун ишкерлери бизнес-долбоорлорду даярдоо боюнча толук маалымат алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0