БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Чет жердеги мигранттар үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга 846,1 миллион доллар которушкандыгы тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды.
Өткөн жылдын январь-июнь аралыгында мигранттар Кыргызстанга 792,7 миллион доллар которушкан.
Улуттук банктын маалыматына караганда дээрлик каражаттын бардыгын Россиядагы мигранттар жиберишкен. Казакстандан — 1,2 миллион жана алыскы чет элдик мамлекеттерден — 25,7 миллион доллар которулган.
Буга чейин адистер акча которуулардын көбөйүшү Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кириши менен байланыштырып келишкен. Себеби кыргызстандыктардын жумушка орношуусу жеңилдеп, расмий маяна алууга жол ачылган.