Тамекини чекене сатуу баасын 5 сомго көтөрүү сунушталды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүТамеки сатуу. Архив
Тамеки сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мында салык жыйымдарын кадыресе көбөйтүп алган Казакстандын тажрыйбасына таянуу чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандын экономика министри тамекиге болгон минималдык чекене бааны аныктоого багытталган токтом долбоорун сунуштады. Документ коомдук талкууга коюлду. 

"Фильтрлүү жана фильтрсиз тамекиге болгон минималдык чекене бааны орнотуу менен мамлекеттик кирешени көбөйтүү маселеси каралып жатат. Тамекинин 20 даанасын 40 сомдон сатуу сунушталууда. Мындай минималдык чекене бааны орнотуу менен жыл сайын мамлекеттик бюджетти 200 миллион сомго толтурууга болот", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде. 

Акча каражаттар жана ачкыч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сентябрдан баштап унаа, турак үй жана жер салыгын төлөбөгөндөргө туум эсептелет
Мыйзам долбоорго ылайык, тамекиге болгон акциздик салыктын көлөмү көбөйөт. Мында салык жыйымдарын кадыресе көбөйтүп алган Казакстандын тажрыйбасына таянуу чечими кабыл алынган. Мындан тышкары, минималдык баанын киргизилиши калктын ден соолугун бекемдөөгө да көмөк болору айтылган.

Кыргызстанда тамекинин баасы 35 сомдон башталат. 

Экономика министрлиги быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында пландаштырылган салык суммасынын 96 пайызы жыйналганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0