Эмдиги жылы Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы көбөйөт

Жазылуу
Республикалык бюджеттин тартыштыгы келерки жылы 23 миллиард 322 миллион сомго жетип, ички дүң продукциянын 4,7 пайызын түзөт.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. 2017-жылы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү быйылкыга караганда азайып, ал эми чыгаша көбөйөт. Бул маалыматтар "2017-жылдын республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомол туурасында" деп аталган негиздеме-документте айтылган. 

Мамлекеттик бюджетттин жалпы кирешеси (республикалык жана жергиликтүүсүн кошкондо) 2017-жылдагы инвестициялар менен чогуу эсептегенде 140 миллиард 813,6 миллион сом деп болжолдонуп жатат. Бул быйылкыга караганда 620 миллион сомго аздык кылат. 

"2017-жылдын мамлекеттик бюджетинин чыгаша бөлүмүнүн жалпы көлөмү 164 миллиард 135,5 миллион сомдун деңгээлинде каралып жатат. Бул бул жылдагы бекитилген бюджетинен 250 миллионго сомго аз", — деп айтылат документте.

Республикалык бюджеттин тартыштыгы келерки жылы 23 миллиард 322 миллион сомго жетип, ички дүң продукциянын 4,7 пайызын түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0