Кепилдик фонду жакын арада өз ишин башташы керек

Жазылуу
Өкмөт башчынын айтымында, эгерде Кепилдик фонду батыраак ишке кирсе фермерлерге чоң пайда болот.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кепилдик фонду жакын арада өз ишин башташы керек. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кийинки жылга бюджетти бекитүү боюнча өкмөттүн жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер кичи жана орто бизнес субъектилери үчүн күрөө коюу боюнча көйгөйдү чече турган Кепилдик фондунун ишине үмүт артууда. 

"Кепилдик фондун капитализациялоого 72 миллион сом каралган. Азия өнүктүрүү банкы да Кепилдик фондуна 3 миллион доллар көлөмүндөгү грантты бөлүүгө ниеттенип жатат. Ал эми Экономика министрлиги Кепилдик фонду тез арада иштеп кетүүсү үчүн бардык аракетти жумшоосу керек", — деди Жээнбеков. 

Өкмөт башчы долбоор эртерээк ишке кирсе фермерлерге чоң пайда болот деген пикирде. 

Жаңылыктар түрмөгү
0